Кыргыз Республиканын Мыйзамына жана «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджет – бул айылдын, шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.
Бюджет эмне үчүн зарыл? Биринчиден, бюджет жергиликтүү бийлик органдары калкка көрсөтө турган каржы ресурстары менен бекемделүүчү кызматтардын тизмесин аныктайт, экинчиден артыкчылык кылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жамааттын ресурстарын кайра бөлүштүрөт, үчүнчүдөн экономиканы турукташтырат.
Ушул мыйзамдардын негизинде каралып бекитилген Барскоон айылынын бюджети туралуу түз эфир өттү. Эфирдин жүрүшүндө Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Руслан Эшманбетов, айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Айнура Иманалиева жана Жергиликтүү Кеӊештин бюджеттик комиссиясынын мүчөсү Адилет Илгедеев кеӊири түшүнүк берип өтүштү.
Айыл өкмөт башчысы Руслан Төлөнович жалпысынан айылдын бюджети жөнүндө, акыркы беш жылда бюджет канчалык деӊгээлге жогорулагандыгы жана айылдын бюджетин мындан дагы кантип жогорулатса боло тургандыгы жөнүндө айтып өттү.
Ал эми башкы эсепчи Айнура Турусбековна бюджетке акча каражаты кайдан келип түшөт, бюджеттин каражаттары кайсыл тармактарга жумшалат жана бюджет канча пайызга аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берди.
Жергиликтүү кеӊештин депутаты Адилет Жаныбекович бюджетти бекитүүдө алардын ролу кандай, анын аткарылышын кантип көзөмөлдөй алышат, бюджетти кабыл алууда калкты катыштыруу маанилүүбү деген суроолорго жооп беришти.
Түз уктуруунун жүрүшүндө айыл тургундарынан алынган сурамжылоону угушуп, келген суроолорго жооп да беришти.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Эрлан Абласов