«Бакай-Ата FМ» радиосунун толкунунда түз эфирде “Пенсионерлердин укуктары” аттуу уктуруу болуп өттү. Эфирдин коноктору Бакай-Ата районунун Социалдык Фондунун башчысынын орун басары Айнура Шабданова жана Ак-Дөбө айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Сейталиев Сагын ажы болду.
Уктуруу түз эфирде өттү. Программанын жүрүшүндө Айнура Шабданова пенсия деген эмне, кандай түрлөрү болот, канча жашта пенсияга чыгууга туура жана пенсияга кандай кагаздар керектигин айтып берди. Ошондой эле жергиликтүү айыл тургундарынан аудио суроолорго түз эфирден жооп уга алдык. Аксакалдар кеңешинин төрагасы, жергиликтүү пенсионерлердин болгон маселелерин козгоп, өз суроолоруна жооп алды.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова