Бакай-Ата айыл аймагынын угармандары үчүн 2018- жылдын 9- август күнү, түз эфирде ММК Фондусу тууралуу маалыматтык уктуруу болуп өттү. Түз эфирдин коногу ММК Фондусунун башкы адиси катышты.
Эфир алкагында, угармандар Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы тууралуу кененирээк маалымат уга алышты. Ошондой эле, мамлекет тарабынан, ооруга чалдыккан жарандар кандай жардам ала алышат, полис деген эмне, полистин түрлөрү тууралуу маалымат айтылды.
Жогорку маалыматтардан улам милдеттүү медициналык камсыздандырууга ар бир кыргызстандык жаран укуктуу экендигин билдик. Ошондой эле мамлекет тарабынан ММК системасы калыптанып жана ыргактуу иштеп жаткандыгы белгилүү. Башкысы-жарандарыбызды ошол укугунан пайдалана билүүгө чакырабыз.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова