Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча эркектердин жашынын орто узактыгы аялдардыкына караганда 8 жылга аз. Эркектер жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна көбүрөөк кабылышат. Өлкөдөгү эркектердин жарымынан көбү жашылча жана жемиштерди жетиштүү жешпейт, ошону менен катар жогорку артериалык кан басымы бар.
Толугураак, аудиодон угуңуз.
Азыркы учурда, ар түрдүү тиричилик көйгөйлөрүнөн, көр тиричилик менен убара болуп, бала-чакасын багуунун аракетинде жүрүп, ден-соолугун кароого, аны чыңдоого, оорунун алдын алуу үчүн убагында дасыккан дарыгер адистерге көрүүнү жөнүндө ойлоп да койбогон жарандарыбыз бар.
Бүгүнкү күндө мырзалар, ден-соолугуна кантип кам көрөт, алдын-ала текшерүүлөрдөн өтүп, дарыгерден кеңеш алып турушабы деген суроо менен атын атагысы келбеген айыл тургунуна кайрылып көрдүк:
“Ден-соолугум жакшы эле. Кудайга шүгүр, жылына текшерүүдөн деле өтпөйм. Мен, эми көп жылдан бери курулушта иштеп келем. Жумуш оор, кээде бел, бөйрөктөрүм ооруп калат. Айла жок, үй-бүлөнү багыш керек. Врачка барганга деле убактым жок.
Дарыгерлердин айтымында эркектер жылына бир жолу уролог-андролог дарыгерине кайрылып, текшерүүдөн өтүүсү керек. Тилекке каршы биздин өлкөдө, жылына эмес, оору күчөп же дарыланууга бир аз кыйын учурда кайрылышат. Эң биринчиден мырзалар, туура тамактануу, көп кыймылда болуп, ден-соолугуна кам көрүү керек.
Бул туурасында уролог-андролог Жыргал Аскаров кеңешин берди: “Мырзаларга айтарым, бир жылда бир жолу уролог дарыгерине кайрылып, изилдөөлөрдөн өтүп, жугуштуу оорулардын алдын алып, үйлөнөм деген жаштарга айтарым, үйлөнөрдүн алдында сөзсүз түрдө уруктукту текшерип анан үйлөнсө. Азыркы учурда тукумсуздук биздин өлкөдө дагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп жатат. Жаштарга айтарым, эркек бала болсо 1жашынан ультра-добуштук изилдөөлөрдөн жумурткасын, бөйрөк-табарсыктарын өткөрүп, балдар урологуна кайрылып коюңуздарды, сиздерден суранат элем.»
Өлкөдө 2023-жылдын 1-февралынан 1-мартына чейин эркектер арасында «Жооптуу бол» аттуу акциясы жүрүп жатат. Мектепте окуп жаткан, ар бир окуучунун атасы текшерүүдөн өтүүсү зарыл. Ага 18 жаштан жогорку мырзалар катышышат. Акциянын максаты кант диабети, инсульт, инфаркт оорулары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ооруларды алдын алуу болуп саналат.
Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборундагы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мээрман айымдары да бул акциянын алкагында иштерди жүргүзүп жатышат. Иш-чара өлкөдө эркектер дарыгерге дээрлик кайрылбаганынан улам балдары аркылуу аларга таасир этүүнү көздөйт. Аталар, балдары үчүн айласы жок, ден-соолугун текшертип жатат дейт медайым Сагын Супабаева:
“Биздин эркектердин арасында ооруларды алдын алуу, табуу жана туура маалымат берүү. Түшүнуп келип жатышат. Балдар үчүн келип жатышат. Арасынан ар кандай чыгып жатат. Кеңеш берип жатабыз. 30 мүнөт кыймылда бол, тамекини таштап, ичкиликти таштагын. 30 мүнөт чуркап бар, чуркап келип, 1ай жасап көр, ошондо ашыкча салмактан түшөсүң деп. Катыш жакшы. Тамак-аш жагынан туура эмес болуп жатат. Себеби, тамак-аш режимин буга чейин туура эмес пайдаланып алганбыз. Туура тамактанууга өтсөк, ашыкча салмактарды түшүрөбүз.”
Дени сак эркек- өз үй-бүлөсүнүн тиреги. Өзүңүздүн ден-соолугуңузга жана жакындарыңыздын бактылуу келечегине кам көрүңүз. Оору сиздин өмүрүңүздүн эң жакшы жылдарын алып коюшу мүмкүн.
Анара Мааметова