Үч-Коргон айыл аймагына караштуу борбордук ооруканасында дагы бир ФАП ишке киришти. Жалпы бюджети 4 млн сомго 7 бөлмөлүү имарат “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, ачылыш аземинде 1 млн сомдук медициналык
жабдыктарды кошо тапшырылды.
Намазкананын курулушу ооруканада даарыланып жаткандар, коллектив үчүн жакшы болду. Бардык шарты менен даараткана кошо курулду. Бул да болсо калкты сапаттуу тейлөөгө өбөлгө.
КР ЖК депутаты Атажанов Ырысбек Исламовичке, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Президенти Мухаммад Мади мырзага, “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абделкарим Али Мохамед мырзага жана Бахрейн өлкөсүнөн келген демөөрчүлөр Закарея Омар Али Мохамед Алькавари мырзага, Абдулнур Юсуф Абдулрахим Исмаил мырзага, Коомдук ишмер Мадумаров Акрам Камбаралиевичке, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Борубеков Арзыбек Курсаналиевичке, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шакиров Кутпидин Абдырахмановичке, келген конокторго ыраазычылык билдиребиз.
Кошумча дагы 30 көчөт балаты кошо отургузулду
ФАП жана намазкананын имараты
Райхан Хашимова