2020 -жылдын 12- апрелине жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бекитилген, бирок, карантинге байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылып келет. Бул учурда Суусамыр өрөөнүндө депутаттыка талапкер айымдар даярдык көрө элек.
Буга чейинки шайлоодо талапкерлигин коюп, бирок аз добуш алып өтпөй калган жана эми талапкерлигин коем деп жаткан айымдар менен байланышып көрдүк:
Медетбек кызы Аида, Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылынын тургуну, кесиби мугалим:

Аида Медетбек кызы, Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылынын тургуну, кесиби мугалим
«Азыр эки айыл өкмөттөн сунуш түшүп жатат, талапкерлигиңди кой деп. Бирок азыр эч кандай даярдык көргөн жокмун. Мурда деле 1 ай калганда эле ойлонуп койгом. Азыр бул кырдаалга байланыштуу бир нерсе пландагандан да коркот экенсин.»
Назгул Тойгонбаева, Суусамыр өрөнүндөгү 1-Май айылынын тургуну, буга чейин айылдык шайлоо комиссиясынын төрайымдык кызматын аркалаган:

Назгүл Тойгонбаева, Суусамыр өрөөнүндөгү 1-Май айылынын тургуну, буга чейин айылдык шайлоо комиссиясынын төрайымдык кызматын аркалаган
Жергиликтүү кеңешке депутаттыка талапкерлигимди койсомбу деген ойлор бар. Мени ойлондурганы айыл эли, ошолорго жардамым тиер бекен, маселесин чечип бере аламбы деп ойлойм. Азырынча өзүмө даярдык көрө элекмин.»
Рахат Атаканова Кумбел айыл аймагынын, Корумду айылында жергиликтүү кенештин депутаты. Алдыда боло турчу жергиликтүү аймактардагы шайлоодо депутаттыка талапкер. Рахат айым келээрки шайлоого даярдыктары тууралуу айтып берди:
«Алдыдагы аттана турчу шайлоого даярдыктар жакшы. Койгон максатым элимдин көйгөйүн чечүү, айрыкча бюджеттик процесс, муниципиалдык мекемелердеги маселелер, ички жолдор, электр тармагы, абоненттер көп көйгой жаратууда. Тендердик долбоорлордо да ички маселелер жаралууда. Мына ушул көйгөйлөр тууралу коомдук угууда, эл менен бирге талкуу жүргүзүп жатам.»

Рахат Атаканова, Кумбел аймагындагы Корумду айылынын тургуну, алдыда боло турчу шайлоодо депутаттыка талапкер
«Тоскоолдуктар такыр жок деп айта албайм, бар. Бул айрым кеңештеги өзүбүздүн депутаттардан эле баягы туура эмес пиарларды жасашы мүмкүн.»
Суусамыр айылынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов аялдардын депутаттыка келишин колдоорун айтып, өз позициясын билдирип келет:

Нурдасан Кулматов, Суусамыр жергиликтүү кеңешинин төрагасы
«Көз карашым түз, кеңеште аялдардын болгону туура. Мыйзам да чыкпадыбы, ошондуктан кийинки чакырылышта токтомдо көрсөтүлгөндөй 30% айымдар келсе дейм. Биздин айылдан талапкер айымдар азырынча чыкпай жатат. Аракет кылса, программасы менен тааныштырып чуркаса буюрса элибиз колдойт.»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, 16-беренесинин, 4-бөлүгүндө, Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги жазылган. Ушул жана башка гендердик мыйзамдар тууралу гендердик эксперт Бакен Досалиева айтты:

Бакен Досалиева, гендердик эксперт
“Конституцияда жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да белгиленген, ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү болушу үчүн шарт түзүлөт. Андан тышкары шайлоо мыйзамынын 112-беренесинде, жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрду сактоо менен шайланат деп көрсөтүлгөн. Бул ошол саяскатка келүүгө аялдарга да эркектерге да бирдей мүмкүнчүлүк берет.”
Гендердик эксперттин айтымында “АРГО” эл аралык уюму тарабынан 100 аял, “OBC” уюму тарабынан 122 аялды депутаттыка даярдап, окутуу жүргүзүлгөн. Окутуу тууралу кененирээк Бакен Досалиевадан угалы:
“Биз аялдарды шайлоо мыйзамдары, өзгөртүүлөр, гендердик, социалдык мыйзамдар тууралу окуттук. Андан кийин өздөрүнүн жеке платформасын, үгүт иштерин жүргүзүүнү үйрөнүштү.Ошол айымдардын 55% депутаттыка талапкерлигин коюп жатышат. Эми шайлоо башталса алар менен кайрадан жолугуп, консультациялык, ментердик жардам көрсөтөлү деп жатабыз.”
Элеттик айымдардын шайлоого катышуусундагы даярдыктар жана тоскоолдуктар
Зыйнат Самар кызы