Дүйнө жүзү боюнча ар бир 100 баланын 30у кашка жиликтин башынын, башкача айтканда томуктун толук өсүп жетилбей калуусу менен төрөлөт. Медицинада бул дарт дисплазия деп аталат. Мындай учурда кашка жиликтин башы жамбаш сөккө туура бекибей, өз ордуна орнобой же бош орноп калат. Балдардын мындай тубаса дарт менен төрөлүшү биздин өлкөгө дагы тиешелүү.
Анткени дисплазия балдардын ортопедиялык ооруларынын ичинен биринчи орунда турат. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Бокен Исамамбетова дисплазиянын негизги белгилерин кантип байкоого боло турганын жана анын себептерин айтты.
Бокен Исамамбетова Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери
“Эч кандай рентгенге тартпайбыз. Оор учур болгондо эле тартабыз. Баланы түптүз жаткырып, буттарындагы сызыктар түзбү, алар бирдейби карайбыз. Кээде бир бутунда 1, экинчи бутунда 2 сызык болушу мүмкүн. Мына ушундай көрүнүш дисплазия болот”.
Ал эми балдардын укалоочу эмчи айымы Назгул Алиякбарова дисплазияны энелер өздөрү деле байкай аларын айтат.
Назгул Алиякбарова балдар массажисти
Массажга көбүнчө бир жашка чейинки балдар дисплазия, гипер тонус менен келишет. Эки айга чейинки балдарды дарыгерлер кабыл алууга барганда байкап калышат. Бир жашка чейин калыбына келтирип калса жакшы. Ар бир эне баланы чечинтип кийинтип жатканда байкашы керек. Колу-буту кандай деп. Эгер баланы кийинтип чечинтип жатканда ыйласа, тынчсызданса анда адиске кайрылуу керек.
Дисплазияны же кашка жиликтин томугун калыбына келтирүүнүн жеңил жолу бул укалоо. Аны дарыгердин кеңеши жана көрсөтүүсү менен жасоо керек. Дарыгер Бокен Исамамбетова дарылоонун жол-жобосун айтып, кош бойлуу аялга мамиле аяр болушу дейт.
Ак-Талаа райондук жалпы дарылерлер практикалык борборунда массажга келген бөбөктөрдун саны арбын. Назгуль Алиякбарова себебин мындайча түшүндүрдү.
“Мурда азырак болчу. Азыр болсо жаңы төрөлгөн баланы балдар ортопеди, неврологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер абдан жакшы карашат. Баланы эркин чоңойтуш керек. Бешикке таңып койгондон да сөөктөрү жакшы өспөй калуусу мүмкүн. Дисплазиянын кесепети балдар аксак болуп калат”.
Негизи эле ата-эне баласы оорубаса деле 1, 4, 6 айында жана 1 жашында балдар ортопедине көрсөтүү керек. Ушул убактарда мүмкүн буга чейин билинбеген дисплазия же муун оорулары аныкталышы мүмкүн.
Ал эми жаңы төрөлгөн балага 2 айында 10 күн массаж жасатуу сунушталат.
Барчын Мамытбекова