«АРИС» программасынын негизги максаты Кыргызстанда чакан ишкерликти колдоп, жакырчылыкты туруктуу кыскартууну колдоо болуп саналат. 22-майда бул долбоор боюнча Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургундарына маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС)- өлкөнүн бардык аймактарында иш алып барат.
Эксперт- Элмира Токоева
Кочкор району боюнча «АРИС»тин эксперти Элмира Токоева төмөнкү маалыматтарды берди:
«Азыркы учурда жаңы «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо» долбоору ишке ашып жатат. Ушул долбоор боюнча биринчи этапта пилоттук болуп кирген айылдарга кварталдык чогулуштарды өткөрүп жатабыз. Чогулуштарды өткөрүүнүн максаты айыл тургундарына долбоор боюнча кенен маалымат берүү.
Жергиликтүү тургундардын арасынан инвестициялык ассоциациясын түзүү жана ассоциацияга делегаттарды, ыктыярчыларды, коомчулуктун кабарчыларын шайлоо максатында да чогулуп жатабыз. Андан тышкары, фокус-топторду түзөбүз. Ассоциация түзүлгөндөн кийин атайын окутууларды жүргүзөбүз. Бул долбоордун каржысы 17 миллион доллар, анын 13,5 миллион доллары айылдагы коомчулуктар үчүн бөлүнгөн, анын ичинен Ак-Кыя айыл өкмөтүнө 65 миң доллар бөлүнүп жатат».
Аида Талантбек кызы- Кара-Суу айылынын тургуну
Кара-Суу айылынын тургуну Аида Талантбек кызы:
«Бүгүн Кара-Суу айылында АРИС программасынын долбоорун колдоо боюнча тааныштыруу чогулушу болду. Долбоор айыл эли үчүн абдан керектүү, себеби айыл элин жумуш менен камсыз кылуу долбоордун башкы максаты экен.
Учурдан пайдаланып айыл элин жыйынга өз убагында, активдүү катышууга чакырып кетем. Мындан тышкары, бизнес планды кантип жазуу тууралуу маалымат ала алдым. Бул долбоор боюнча айыл өкмөттүн адистери Радмир Асаналиев жана Махабат Абдиловага кайрылсаңыздар болот».
Айыл тургундары долбоор боюнча маалымат алышууда
Кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу долбоордун приоритеттүү багыттарынын бири
Чогулушка айыл эли активдүү катышты
Бакыт Кожокматов