Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону расмий ачылып, Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Ага өкмөт башчысы жана облус башчылары катышып, быйыл туристтер абдан көп келет деп үмүттөнүп жатышканын билдиришти.
Нарын облусу
Анын ичинен бийик тоолуу Нарын жергесинде туристтерди тосконго даярдыктар дээрлик аяктап калганын айтылган. Бирок Нарын облусу туристтерди күтүп алууга даярбы? Эс алуучу жайлардагы экологиялык-техникалык коопсуздук жайындабы? Бул жолу туризм тармагы боюнча кеп козгойбуз.
«Ар бир келген туристке шарттарыбыз жага бербейт»
Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Эркин Мукашова 40 жылдан бери туристтерди тосуу менен алектенип келет. Ал бизге курган маегинде келген туристтерге түзүлүп жаткан шарттар, конокторго жага бербээрин белгиледи.
Эркин Мукашова
«Кочкор району Соң-Көлгө, Нарын шаарына, Таш-Рабатка кетип бараткандагы ортодогу район десем болот. Бул жакка жол жүргөн туристтерди тособуз. Жолдо кетип баратып, бир-эки күн эс алып түнөп кетишет. Бирок эки жылдай пандемияга байланыштуу туристтер дээрлик келген жок. Анан быйыл кайра тосуп алууга даярданып бүттүк. Негизи ар бир келген туристтин мүнөзү ар кандай болот эмеспи. Алардын барына эле шарттарыбыз жага бербейт. Алар кетип дагы калышат. Кээ бирөө аябай шарттарга тамак-ашына маани берет, айрымдары тескерсинче жөнөкөй жерди жактырышат», — дейт ал.
Боз үй жасалгасы
Эркин Мукашова туристтерди, туризм жаатында иш алып барган ар кандай жеке компаниялар менен алдын ала түзүлгөн келишимдин негизинде тосот. Анын айтымында, элеттеги конок тоскон ишкерлердин ишмердүүлүгү, туристтик компаниялардан көз каранды.
Туристтердин жата турган жери
«Биз муну бизнес катары кабылдайбыз. Үйгө киреше алып келүүчү бир булагыбыз. Азыр үйдү кеңейтип, эшикке боз үй тиктик. Жалпы жети киши жатса болот. Бирок ар бирине бирден бөлмө бөлүп бере албайбыз, андай шартыбыз жок. Бардыгы бир колдоно турган душ, дааратканабыз бар, ал эми тамак-ашты өзүм даярдап берем. Айрымдары мындай шарттарды жактырбайт. Жылына чет өлкөдөн 50-60 турист келет. Эгерде биз иштешкен компаниялар жакшы иштесе анда көп эле келет», — дейт Мукашова.
Боз үйдүн ичи
Мукашова ар бир келген туристти тейлөөгө 500-600 сомдон алаарын жашырган жок. Бирок мамлекет тараптан дагы колдоо жок экенин дагы баса белгиледи. Анын айтымында, эгерде мамлекет жеке ишкерлерди туризмди өнүктүрүү жаатында колдоого алса, анда шарттар жакшыртылып, эс алуучулар көп келет.
Мукашованын турист тоскон конок үйү
Ал арада Мукашованын жолдошу сөзгө аралашып, Нарын облусундагы туризм тармагында кемчиликтер көп экенин баса белгилеп өттү.
Мукашованын жолдошу
«Мен мамлекеттик кызматта көп жыл иштедим. Кээде үйгө келген туристтерди өзүмдүн унаам менен тарыхый жерлерге алып барып калам. Көбүнчө Таш-Рабат жана Соң-Көлгө жеткирип калам. Ал жакта унаадан түшкөндө эле туристтерди тоскондор үйүлө калып, колдон тартып кетишет. Бул албетте эс алуучуларды эмес, менин дагы кыжырымды кайнатат. Турист тейлөөдөн мурун ар бир адам маданияттуу болгонду үйрөнүш керек. Мынтип отурсак туристерди тартпай эле тескерсинче качырабыз. Анан дагы бир маселе гиддер жок», — деди ал.
Мукашовадан тышкары анын коңшулары дагы жайкысын дал ушул бизнес менен алектенишет. Алардын бири 6 жылдан бери ушул тармакта жүргөн Наристе Бейшекееванын үй-бүлөсү. Бейшекееванын айтымында, эс алуучулар көбүнчө жайында келгендиктен ал убакта свет жана суу маселеси курч болуп, ашыкча түйшүк жаратат.
Наристе Бейшекеева
«Чет өлкөлүк эс алуучулардын тоскондо бары жакшы деп айта албайбыз. Жайкысын көбүнчө свет жана суу маселеси абдан курч. Анткени айрым адамдар таза суу менен бакчаларын сугарып, бизге суу жетпей калат. Бул көп жылдан бери эле келаткан маселе. Суу өчсө айла жок унаа менен суу ташып келебиз. Антпесек туристтерге уят болобуз. Анысы аз келгенсип свет дагы өчүп калат. Андай учурда туристтерди шам чырактар менен алаксытууга аракет кылабыз», — дейт Бейшекеева.
Дымак жана камылга
Май айынын башында Улуттук кеңешмеге катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келээри күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин белгилеген.
Акылбек Жапаров
«Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми бир күн ичинде алууга шарт түзүү керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан аркылуу киргенин эске алып, чек арадагы өткөрүү пункттары да туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл», — деген Акылбек Жапаров.
Ал эми Нарын облусунун туризм ассоциациясынын төрагасы Талант Ниязбеков туризм тармагын жаңылоо үчүн стратегиялык план иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, план туризм тармагын түп тамыры менен өзгөртүп, жаңылоо болуп саналат.
Талант Ниязбеков
«Негизи биз иштеп атабыз дегенибиз менен туризм тармагында такыр эле жаңылануу жок болчу. Быйылкы жылы бул тармакка өзгөчө кириштик. Президент дагы бул тармакты өнүктүргөнгө 1 млд сом бөлдү. Анан биз 2022-2026-жылга чейин Нарын облусунун туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын жазып чыктык. Мунун ичинде Нарын облусундагы туризм тармагындагы көйгөйлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана ийгиликтердин баардыгы камтылган. Бул жерде бардык райондор кирип, ал жактарда туризм тармагында кандай көйгөйлөр бар ошолорду дагы жаздык», — деди ал.
”Бай-Төр” эс алуу аймагы
Ошондой эле, ал стратегиялык план англис жана орус тилине которулуп жатканын белгилеп, андан сырткары жол карталары дагы коюлуп жатканын кошумчалады.
«Биз уюлдук телефонго жол карталарды көрсөтө турган программаны дагы иштеп чыктык. Анда мисалы, Нарын облусуна келгенде эле бардык эс алуучу имарараттар чыгып калат. Эң жакшы жери туристтерди тоскон адамдардын телефон байланыштары, даректери жазылган. Алар менен туристтер өздөрү эле байланышып келсе болот. Биздеги эң чоң маселе тарыхый жерлерди айтып берип, жол көрсөткөн адамдар жок. Ошондой тарыхый жерлерди айтып, көрсөтүп бере турган адистерди окуталы деп жатабыз», — деди ал.
Облусттук жетекчилердин айтымында, туризм жаатын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте , ошол тармакта иш алып бара тургандарды даярдоого көңүл буруу керектигин белгилейт.
«Эс алуучуларды тоскон адамдарга дагы билим жетишпейт. Аларга дагы семинарларды уюштурабыз. Анткени турист тоскон адам өзү маданияттуу болушу керек. Тилекке каршы турист тоскондор эрежелерди билишпейт. Айрымдары орой мамиле кылат. Ошонун барын жөнгө салуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат», — деди Ниязбеков.
”Бугу-Марал” эс алуу жайы
Туризм ассоциациясынын маалыматы боюнча Нарын облусунда 100дөн ашык эс алуу жай болсо, туристерди тейлөөчү 200дөн ашык киши эмгектенет. Бирок мунун баары эле каттоодон өткөн эмес.
Ат-Башы районундагы “Таш-Рабат” өрөөнү
«Туристтик инфраструктураны жакшыртуу керек»
Кыргызстандагы туризм тармагындагы негизги көйгөйлөр катары жол, даараткана, таштанды, тейлөө жана коопсуздук маселелери такай айтылып келет. Бул маселелер жыл сайын көтөрүлүп, бирок ага керектүү денгээлде көңүл бурулбай келет.
Ал эми туризм тармагында көп жыл эмгектенген эксперт Нуристан Марат уулу, биринчи кезекте өлкөдө туристтик инфраструктураны жакшыртуу керектигин айтат.
Нуристан Марат уулу
«Туристтер аэропортко келгенде эле мейман достугубузду көрсөтүп, тосуп алып эс алуучу, тарыхый жерлерди көрсөтүп, башынан аягына чейин бир адам жүрүп анан узатканы жакшы. Анткени алардын коопсуздугун дагы караш керек да. Мисалы, аларды тоноп кеткен учурлар көп кездешет, ошондон улам туристтер дагы качат. Кыргыздар көбүнчө турист көрсө эле акча элестетишет.
Таксисттер тил билбей алардан көп акча алып коюшкан дагы учурлар болот. Же аларды алдашат. Андан сырткары даараткана, таштанды, жол маселеси деген дагы бар. Ошолорго көбүрөөк көңүл буруу керек. Анткени таштанды көп болуп, дааратканын абалы начар болсо туристтерге жагымсыз маанай жаратат. Туристтик сезондо жыл сайын миллиондогон акча түшөт. Ошого ушул маселелерди оңдосо болот да. Анан рекламаны жакшы жасаш керек. Ансыз туристтерди тартуу кыйын», — деди ал.
Турист тосуучу жайдагы таштанды челеги
Адистин айтымында мындан сырткары, туристтик мейманканаларга дагы көңүл буруу керек. Анын айтымында, мейманканаларга жылдыз берүү системасы жолго коюлган эмес.
Ошондой эле, Марат уулу алыскы аймактарга чейин свет, интернет тартуу маселеси жөнгө салыныш керектигин баса белгиледи.
Салкын-Төр аймагы
«Айрым мейманканалар эч кандай документтери жок, өздөрү эле жасалгалап, жылдыз коюп алышкан. Анын дагы өзүнүн атайын эрежелери болот. Ошону менен гана жылдыздар берилиш керек. Кээ бир аймактарда свет маселеси бар. Эми бул маселени чечүү оной эле. Анткени азыр технология өнүккөн. Күн нурунан электр энергиясын өндүрүп алса болот. Жеке фирмалардын деле колунан келет», — дейт ал.
Ошондой эле, Нуристан Марат уулу этнографиялык турларды уюштуруп, туризмди көтөрсөк болоорун баса белгиледи. Ал айыл жерлеринде кыргыздын каада салтын көргөзүп бере турган турларга басым жасоо менен чоң ийлигикке жетебиз деген пикирин кошумчалады.
Теңир-Тоодогу «Хан-Тенгри»
Нарын шаарында чет өлкөлүк туристтерди тосууга бул мейманкана дагы өз салымын кошуп келет. Ишмердүүлүгү он жылдан ашкан бул мейманкана, келген конокторго болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракетинде. Мейманкана эки бөлүмдөн туруп, биринчиси гранттын негизинде салынса, экинчисин жеке ишкер курган.
Аталган мейманкананын менеджери Назгүл Усубалиеванын айтымында, мейманкана салынып баштаганда, алгачкы конок үйүн өздөрү билип салышкан. Экинчи конок үйүн кураарда чет өлкөдөн атайын адис жалдап, курулушун ошол кесипкөй адистин кеңеши менен кылышкан. Кийин ички жасалгалоо жаатында болсо, жергиликтүү консультант менен кеңешип иштеше баштап, азыркы мезгилге чейин анын кызматын пайдаланышат.
«Бул мейманкана негизи комплекс, эки бөлүмдөн турат. Бирөө “Хан-Тенгри” экинчиси “Гранд Хан-Тенгри” деп аталат. Экөөнүн тең ичинде туристтерге ылайыктуу бардык шарттар каралган. “Гранд Хан-Тенгрин” салып жатканда консультант жалдаганбыз. Ал дизайнын кандай кылыш керек, кандай шарттар менен салыш керек, ар бир бөлмө кандай стандартта болушу керек, бүт барына кеңеш берип турду. Экинчи мейманканага 3 жылдыздуу деген макам берилген. Ал үчүн көп күч, каражат жумшадык. Туристтер бизге абдан көп келет. Дайыма үзүлбөй келип турушат. Андан түшкөн акчага мейманкананы дагы жакшыртабыз», — дейт мейманкананын менеджери Назгүл Усубалиева.
Туризм тармагы өнүгүп келаткан Алай району
Ош облусунун Алай районунда 5 жылдан ашык туризм тармагын өнүктүрүүгө салымын кошуп келе жаткан Азирет Жусубали уулун кепке тарттык. Ал бул тармакка жаңы келгенде жүк көтөргүч, кийин гид болуп иштеп баштаган, азыр «Визит Алай» компаниясында башкаруучу болуп эмгектенет.
Алай районунда турист тосуучулар
«Негизи Алай тоолоруна саякаттарды уюштурабыз. Анда келген туристтерге ат мингизип, кыргыздын каада салтын көргөзөбүз, көбүнчө аларды боз үйлөргө жаткырабыз. Аларга жаккан тамак-аштарды уюштуруп беребиз. Анан биз болушунча жергиликтүү элдер менен иштешебиз. Аларды атайын окуулардан өткөрөбүз. Мисалы, унаа айдагандан баштап, туристтерге кандай мамиле жасоо керектигин, тамак жасоону, гиддерге жана башка көп нерселерди үйрөтөбүз. Биз гиддерди жергиликтүү тургандардан эле алабыз. Чабандардын боз үйлөрүн арендага алып, жасалгалайбыз», — дейт ал.
Алай жайлоосу
Мындан сырткары, ал туристтерге жакшы шарт түзүү үчүн жыл сайын даараткана, свет жана башка нерселерге көңүл буруп, жаңыланып келе жатканын дагы билдирди.
Туристтерге кыргыздын каада салтын көрсөткөн тургундар
«Турист тоскон жергиликтүү тургундарды дагы окутуп атканда, эс алуучуларга шарт түзүп берүү керектигин дагы айтабыз жана мунун үстүндө өзүбүз дагы иш алып барабыз. Таза сууларды чыгарып, свет коюп, дааратканаларды дагы салабыз. Мындан сырткары, өздүк гигиенага дагы өзгөчө көңүл бурулат. Анткени турист келген жерине, дагы кайтып келе тургандай мамиле жасап, узатышыбыз керек. Ушул эмгектерибиздин артында көп нерселер өзгөрүлүп жатат. Жылдан жылга туристтердин келүүсү жакшы», — деди Жусубали уулу.
Эс алуучулар
Жусубали уулу жакшы рекламанын аркасынан туристтер көп келээрин айтат. Анын айтымында, дүйнөгө таанымал белгилүү блогерлерге бекер тур уюштуруп берип, аларга реклама жасатат.
Көз жоосун алган Алай жайлоосу
«Азыр Кыргызстанда үч белгилүү туристтик жай болсо, анын бирөөсү Алай району болуп кирди. 2019-жылга чейин туристтер келчү деле эмес. Азыр туристтердин саны жылдан жылга өсүп жатат. Биз дагы аларга жыл сайын жакшы шарттарды түзүп беребиз», —деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 9 айында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына кирген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген жарандардын жалпы саны 2 миллион 201 миң адамды түзгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 549 миң адамга көп.
Туризм департаменти Кыргызстанга негизинен КМШ, Европа, Араб өлкөлөрүнөн коноктор көбүрөөк келерин билдирди. Быйыл Украинадагы согушка байланыштуу санкциялардан улам чет өлкөгө жолу буулган орусиялык туристтердин да саны көбөйгөнү айтылууда.
Дилде Шатанова
Сүрөттөрдүн автору: Дилде Шатанова, Азирет Жусубали уулу