АРИС “Айыл жерин суу менен камсыз кылуу жана санитария-2” долбоорунун алкагында «Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында санитария жана гигиенаны илгерилетүү” программасын жүзөгө ашырууну баштады. Аталган программанын негизги максаты мектептерди таза суу менен камсыз кылып, ал аркылуу балдардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, ден –соолугуна камкордук кылуу болуп саналат.
Бул боюнча Ак-Талаа районундагы 5 жалпы орто мектептин социалдык педагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары 2 күндүк окуудан өтүп келишти. Окутуу ар кандай интерактивдүү оюндар менен коштолду.
Эми алар үйрөнгөндөрүн мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге окутушуп, атайын иш мерчемдерин түзүшүп, бирге иш алып баруу үчүн меморандум кабыл алышат.
Даярдаган: Б.Мамытбекова