«Бул күн согушка барбагандар үчүн как майрам катары болсо, биз үчүн эскерүү күнү болуп атат. Себеп дегенде бүгүн биз ошол өткөндөрдүн эстеликтерине, мектептерге барып гүл коюп, курман болгон досторубузду эскерип келдик», деди Ооган согушунун ардагери. Кулатов айылынын башчысынын демилгеси менен 13-февраль ооган согушунун ардагерлерине арналган иш-чаралар өттү.
Эрте менен эрте чогулган эл ооган согушунун ардагерлеринин ысмы коюлган 3 мектепке барышты. Булар Камалидин Надиров, Эркин Эргешов жана ошондой эле Төрөбай Бекиев мектептери. Аты аталган мектептер уюштурган иш-чараларына ооган согушунун ардагерлери катышып, курман болгондордун эстеликтерине гүл коюлуп, куран түшүрүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүнө Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы аябай жакшы иштерди уюштуруптур. Ооган согушунун ардагерлери үчүн жасала турган иштерди алардын үй-бүлөлөрүнө бериле турган жардамдарын баарын айыл өкмөт башчы түшүндүрүп берди. Мындай иш-чаралар дайым жыл сайын өткөрүлө турган болду.
Кулатов айылынан ооган согушуна 23 жигит барышкан, анын үчөөсүнүн ысмы мектептерге коюлган . Калган 20 бала бүгүнкү күндө ак иштеп эмгектенип келе жатышат – деди Кулатов айыл өкмөтү боюнча Ооган согушунун ардагерлер кешинин төрагасы, полковник Нурматов Эркин Токтосунович.
Даярдаган: Маматов Рысбек