Кароо-сынакка 5–11—класска чейинки окуучулар катышты. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар көркөм окуу, бийлөө, ырдоо жана башка тапшырмаларды аткарышты. Фестиваль 100дөн ашык окуучулардын катышуусу менен өттү.
Фестивалдын негизги максаты жана окуучуларга тийгизген таасири боюнча мектептин орус тили жана адабият мугалими Элмира Түнгатарова төмөндөгүлөргө токтолду:
«Э.Кендирбаев орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата фестиваль өттү. Бул фестиваль окуучуларга чоң таасирин тийгизди. Азыркы учурда окуучулардын көз карашы аябай жакшы. Биздин мектепте көп коомдук иштер болуп турат». 8—классынын окуучусу Ислам Желдеңбаев орус тилине кызыгып келет. Ал фестивалга активдүү катышты жана өз оюн мындайча билдирди:
«Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Бул фестиваль жаштарга керек деп ойлойм. Башка окуучуларды катышууга чакырам».
Айыл жергесинде мындай орус тили жана адабияты боюнча көп иш чаралар өтүп турса, окуучулардын орус тилине болгон кызыгуусу мындан да артмак.
Даярдагандар: Айдай Кудайбергенова, Аманбек кызы Саадат.