Заманыбыздын талабына ылайык азыркы учурда Барскоон айылында интернет колдонуучулары күн сайын өсүүдө.
Мекеме, маданият үйү, мектептерде ал гана эмес үйлөргө чексиз интернет башкача айтканда,Wi- Fi коюшууда. Айыл жаштары өздөрүнүн көп убактысын интернетке бөлүп жаткан учуру. Дал ушул айыл жаштары арасында актуалдуу темага айланган чексиз интернет же Wi-Fi га болгон көз карашы жана ою менен айылдын жашоочулары ой бөлүшөт.
Мектеп мугалими Мунаркүл Исмаилова: «Wi-Fi дын терс жана оӊ таасири бар, бирок менин жумушума керектүү, анткени мен материалдарды алып, окуучуларга терен сабак өтө алам.
Негизинен окууга келгендиктен, сабак учурунда Wi-Fi ды колдонуу бул бир топ эле зыянчылык жаратат, анткени, окуучулар окубай эле тескерисинче Wi-Fi аркылуу интернетке кирип социалдык тармактарда отурушат», деди.
Wi-Fiдын окуучулар арасында көп колдонулушун көчөдөн эле байкасак болот.
Ошондой эле 9-классынын окуучусу Алия Бекназарова чексиз интернет тууралуу мындай дейт:
-«Пайдасы жакшы эле, мисалы үчүн биз сабактардан ар кандай маалыматтарды билип, ар кайсы сайттарга кирип алсак дагы болот. Сабактарга көп жардам берет. Терс таасири болсо, көптөгөн окуучулар кирип эле сабак жөнүндө маалымат албастан, ойношу да мүмкүн, мына ушундай терс жактары бар деп ойлойм».
Ал эми айыл тургуну Гүлбарчын Бабашева 4 баланын апасы. Анын балдары мектепте окушат. Гүлбарчын Бабашеванын чексиз интернетке болгон көз карашын кабарчыбыз Бермет Алыбаева билип келген:
-Балдарыныздын Wi-Fi колдонушуна көз карашыныз кандай?
-Жакшы көз караштамын,бул заманбап нерсе. Туура көз караштамын.
-Окуусуна чексиз интернеттин залалы тийбейби?
-Андай деп деле ойлобойм, убакыты тар да, сабакка келишет, барышат. Ошондуктан көп деле убакыт кетпейт.
Айыл тургундарынын мындай пикирлеринен кийин, Барскоон айылында чындыгында эле, интернет тармагы бир кыйла өнүгүп жатканына күбө болдук. Айыл жаштары чексиз интернетти туура багытта колдонот деп ишенебиз.
Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Алтынай Бакишова.