Барскоон айылында Ооган согушуна катышкан ардагерлерге салтанаттуу майрам уюштурулду. Майрамда мектеп окуучулары ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Барскоон айыл өкмөтү тарабынан Ооган ардагерлерине акчалай сыйлык жана сыйлуу тамак уюштурулуп берилди.
Барскоон айыл аймагынын жооптуу катчысы Азимгүл Жаныгулова төмөндөгүлөрдү баяндап берди: «5-февралда жылда биз ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлыктарыбызды беребиз, андан тышкары мектеп тарабынан өзүбүздүн чыгармачылык топ бар, ошолордун демилгеси менен концерттик программа уюштурулат жана сый тамагыбыз бар, жылда акчалай сыйлыктарыбызды беребиз. Ардагерлерибиз райондук масштабда да белгиленет. Бул иш чаралар айылда да белгиленет, жылда биз маданият үйүнө чакырып сый тамагыбызды уюштуруп ооган согушунун ардагерлерин сыйлайбыз. Ардагерлерге чындыгында айыл өкмөт тарабынан өтө деле чоң жардам бербейбиз, быйылкы жылга акча каражаты 35 миң сом акча бөлүнгөн. Мисалы,Улуу Ата Мекендик ардагерлерине көмүр түшүрүп берсек , ооган согушунун ардагерлерине антке алган жокпуз, себеби, алардын пенсиясы бар. Бирок сый тамагыбызды берип, 500 сомдук конвертибизди тапшырып узатабыз.»
Ооган согушунун ардагер Абылбек Үсөнбаев
» Ооган согушу 1979-жылы 20-декабрда башталган. 10 жыл болуп, ошонун ичинен Кыргызстандан 7142 адам катышып, анын ичинен 300 адам кайтпай калган, 150 адам ар кандай жаракаттарда катталып андан кийин 4 адам дайынсыз, 2 адам болсо Советтер Союзунун баатыры болгон. Эми азыр ушул убакта биз 26-юбилейдик майрамды майрамдап жатабыз. Ушинтип айыл өкмөтү чогулуштарды өткөрүп, концерттерди уюштуруп бергенине рахмат. Биздин окуучулар дагы өз концерттерин берип, айыл тургундары биздин көнүлүбүздү көтөруп жатат. Эми баарынарга аманчылык,ден-соолук каалайм», — деди ооган согушунун ардагери Абылбек Үсөнбаев.
Ооган согушуна катышкан ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Даярдагандар: Асель Асанова, Перизат Бекмурзаева