Талас районунун, Бакай-Ата айылындагы карылар үйүндө Таалайбек Ибраимов кол өнөрчүлүк менен кызмат кылууда. Анын кызматынан жергилктүү тургундар колдонушуп, керектүү буюм-тайымдарын жасатып турушат.
Таалайбек ибраимовду карылар үйүнө келгенине 9 айдын жүзү болду. «Биздин директорго чоң ырахмат, бир бөлмөнү бөлүп берди. Ушул жерде чебер усталык менен алектенип убакытты текке кетирбей алаксып олтурам. Ашканага керектүү аспаптарды жасап берем, эт туурагычтын бычактарын, балталарын курчутуп берем, тарбиячыларга белек жасап берем, бул жерде иштегендерге жакшы маанай тартуулаганга аракет кылам.
“Бул кол өнөрчүлүк менен алектенгениңизге канча убакыт болду”?
Бул кол өнөрчүлүк менен иш жасаганыма 18 жыл болду, үйдө дагы устаканам бар болчу, ошол устаканамда иштөөчүмүн, бирок кырсык болгонуна байланыштуу карылар үйүнө өз көңүлүм менен келгениме туура келди дейт Таалайбек Ибраимов.
Бул талантымды дагы да өнүктүрөм, жана жаш балдарга үйрөтсөм деген тилегибар экендигин дагы билдирди Таалайбек мырза.
Даярдагандар: Бакай Сапаралиев, Алижан Куттубеков