![20150217_113939[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/02/20150217_1139391-300x168.jpg)
Ак-Талаа районунун аймагында ички иштер бөлүмү тарабынан “Допинг” аталышындагы рейд жүрүүдө. Мунун негизинде бөлүмдүн кызматкерлери Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары менен менен жолугушуу өтүп, спирт ичимдиктери, тамеки, насвай өңдүү ден-соолукка зыян алып келүүчү заттар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексиндеги өспүрүмдөргө тиешелүү беренелер менен тааныштырышты. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖОИИ (жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору) Мамбеталиева Бермет: “Биздин бөлүмгө ЖОИИ боюнча дагы штат берилди. Бул абдан жакшы болду. Түшүндүрүү иштери бардык орто мектептерде жүрүп жатат”, деп билдирди.
Даярдаган: Б.Мамытбекова