Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раев “Кара-Тоо айылынын бадалдуу токойлорун сактап калуу боюнча жергиликтүү жамааттын ролу” деген долбоор менен семинар өттү.
Алмазбек Раев:
«Долбоордун аты “Кара-Тоо айылынын бадалдуу токойлорун сактап калуу боюнча жергиликтүү жамааттын ролу” деген аталышта семинар өттүм. Жалпы жонунан семинарда жаратылышка аяр мамиле жасоо жана бадалдуу токойлордогу норка жырткычтын көбөйүп кетиши жана бул жандыкты кызыл колтук баканы, суудагы балыктарды, канаттуу жаныбарларды жеп, биздин эко-системага чоң терс таасирин тийгизип келүүдө.
Семинарга Семиз-Бел айыл-өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Акишов жана Арсы, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Чекилдек айылынын активистери катышты. Семинарды өткөргөн эксперттер Анара Момунова, Асель Дунгаевна өзүлөрүнүн иш-чараларын жүргүзүштү.
Катышуучулар 2 топко бөлүнүп, жаратылыштагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун аныктап, жазып чыгышты. Иштин жүрүшүндө семинарга катышкандар мөнгүлөрдөн түшкөн агын-суулардын, бадалдуу токойлордун өзгөрүшү менен жан-жаныбарларга ар кандай шарттар түзүлөрү туурасында ой-пикир алмашып, талкуу жүргүзүштү.»
Семинарда бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер козголду.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова