Ак-Талаа районундагы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2022», «Мыкты тарбиячы-2022» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Чынар Сатындиеванын айтканына караганда сынак мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Чынар Сатындиева-жыл мыктыларына сыйлык тапшырууда(Солдо биринчи)
«Ошондой эле билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу болуп саналат»,- дейт.
Сынакка катышкан мугалимдер жобого ылайык педагогикалык тажрыйбанын презентация, мастер-класс (20 мүнөткө чейин) көрсөтүү жана сабак өтүү. Ал эми сынактык сабактын темасы калыстар тобу тарабынан сынак өткөрүлүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун календардык-тематикалык пландаштырылышына ылайык аныкталган.

Сынактык сабактар өтүлүүдө

М.Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Алина Жыргалбекова сабак өтүүдө

Сабактарда санарип технологиялар колдонулду

Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, мугалимдердин жыйынтыктоочу салтанатында белектер ыйгарылды.
Жыйынтыгында «Жылдын мугалими-2022» сынагынын баш байгесине Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Шыгаева.

1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин мугалими Эльнура Дуйшенбиева.

2-орун С.Атамбеков орто мектебинин мугалими Нуркыз Нуралиева.
3-орун Н.Жыргалбекова мектебинин мугалими Дилдекан Шабданбекова жана Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин мугалими Тураркан Нурдөөлөтова жеңип алышкан.

Ал эми тарбиячылар арасында өткөн сынактын баш байгесин Мааламкулова Ажаркүл жеңип алды.

1-орун «Алтын муун Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Айжан Мусакожоева

2-орун «Кадыралы» бала бакчасынын тарбиячысы Анара Жумабаева.
3-орунга «Терекке береке» балак бакчасынан Токтоналы кызы Ырыскан жана «Кубан бобөк» бала бакчасынын тарбиячысы Алтымышбек кызы ээ болушту.
Мындан сырткары баш байге ээлерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, 1-орун алгандарга 10 мин сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми 2-орунду камсыз кылгандарга «Ализа-Бек» эмерек салонунан эмеректин сертификаты тапшырылды. Ошондой эле чыгармачыл мугалим, санарип мугалим, ТРИС педагог өңдүү номинациялар тапшырылды. Сынакта 3-орунду алган жеңүүчүлөр 3миң сом жана диплрм ыйгарылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү
Барчын Мамытбекова