Зомбулук бул-адамдын эркин чектөө, анын үстүнөн бийликке ээ болуу жана башкаргысы келген системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы психологиялык, физикалык, сексуалдык, экономикалык мүнөздөгү иш-аракеттер жана мамилелер. Биз бүгүн зомбулуктун ачыкка чыкпаган жана далилденбеген түрү экономикалык зомбулук тууралуу кеп кылабыз. Укук жаатындагы адистер үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун курмандыктарынын 80% аялдар түзөт дешет.
Махабат Казиева-юрист
“Экономикалык зордук-зомбулукка токтоло турган болсок бул-адамдын финансылык каражаттарын көзөмөлдөп, дайыма тескеп туруу көрүнүштөрү байкалат. Аялдар төрөп үйдө отурганда күйөөлөрү акчаны кайда жумшадың, эмне кылдың, сарптадың, үйдө отур, сага не жетпейт деген суроолор болот. Бул өзүбүзгө көнүмүш адат болгону менен экономикалык зомбулук.
Экономикалык зомбулукка кабылган адамдарда өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болуп, мүнөзүндө өзгөрүүлөр байкалат. Психолог Жумаказы Жуманазаров зомбулук жасаган адамдын басып өткөн тарыхы болорун айтты.
“Зомбулукка кабылган адамдар максат кое албайт. Өзүнүн эркине ишеничи азаят. Көбүнчө башка бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө өтө баштайт. Зомбулукка кабылгандан кийин анда коркунуч пайда болуп, ичине агрессиясы топтоло баштайт. Аң-сезими ордунда киши зомбулук көрсөтпөйт. А эгер зомбулук жасаса анда мындай адамдын ичинде бир нерсе бар. Балким өздөрү кабылган же агрессиясын чыгара албаган үчүн, жашоодо өзү көрсөтүшү мүмкүн. Демек мындай адамдын өзүнүн тарыхы бар”.
Үй-бүлөдө бири-бирин кемсинтүү, эркиндигин чектөө, басмырлоо мамилеси менен көп адамдар жана балдар күн кечиришет. Бирок алар муну зомбулук деп ойлошпойт дейт юрист Махабат Казиева:
“Сага не жетпейт, үйдө отур деген нерселер бизге көнүмүш болуп калган. Ошон үчүн укук коргоо органдарына кайрылбайт. Себеп катары көрбөйт.”
Мыйзамга ылайык аялдын да эркектин да иштөөгө укугу бар болгондуктан, экономикалык зомбулукту да аял же эркек жасайт деп айтууга болбойт. Ошол себептүү үй-бүлөдө сүйлөшүп алуу керектиги оң натыйжа берерин адистер айтышат.
Жумаказы Жуманазаров-психолог
“Кээ бир үй-бүлөдо акча эркекте же аялда болот. Экономикалык зомбулукту бүгүнкү жашоодо кимдин мүмкүнчүлүгү болсо ошол жасашы мүмкүн. Эркек же аял жасайт деп бөлүүгө болбойт. Мисалы үй-бүлөдө аял бала төрөп үйдө болсо, ал иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Акчаны күйөөсүнөн гана ала алат. Эгер күйөөсү бербесе зомбулукка кирет. Анткени аял убактылуу иштебейт. Мүмкүнчүлүгү жок.Негизи үй-бүлөдө сүйлөшүп алуу керек. Мага бир айда мынча каражат керек. Ошону берип тура аласынбы деген сыяктуу”.
Үй-бүлөдө зомбулук дароо эле байкалбайт. Ал тарбиялоо ыкмалары, эркиндикти чектөө сыяктуу майда нерседен башталат. Экономикалык зомбулук ачыкка чыкпагандыктан аны алдын алуу үчүн бир катар кеңештерди сунуштайбыз.
1. Чакан болсо да каржы булагын түзүңүз
2. Ашыкча чыгымдардан жана жаман адаттардан баш тартыңыз
3. Интернеттен каражат тапканды үйрөнүңүз
4. Каржыңызды башкарууну үйрөнүңүз.
Барчын Мамытбекова