Акыркы күндөрдө Кочкор жергесинде үйлөрдү жылуулоого көп маани берилип жатканы байкалат. Анын артыкчылыгы эмнеде? жана жөнөкөй адамдын чөнтөгүнө жылуулоочу материалдарды алууга мүмкүнчүлүгү жетеби?

Жылуулоо иштери бүткөндөн кийинки көрүнүш
Кочкор районунун климаттык абалы өтө татаал жана кыш мезгили узак болгонуна байланыштуу үй салып жатканда тамдын дубалынын калыңдыгына жана терезе-эшик, полдун материалына сөзсүз көңүл буруу керек. Бирок азыркы курулуш материалдардын баасы асмандын башы болгондугу баарыбызга белгилүү болуп жатат.
Үйдү жакшы жылуулап алуу көп каражатты талап кыларын Кочкор айылынын тургуну Эльзат Усупбекова айтып берди: » Бул үйдү биз 2011 жылы сатып алганбыз. Алганда эч кандай шарттары жок суусу сыртта, эшик терезелери эски, полу муздак жана меш менен эки гана бөлмө жылытуучу. Кыш бою 3 тоннадан ашык көмүр жагып, андан сырткары уктоочу бөлмөбүзгө электр жылыткыч колдонгонго байланыштуу ай сайын 3 миң сомдон жогору электр энергиясына төлөп турчубуз.
2017-жылы «KYRSEF» долбоорунун негизинде атайын тоолуу аймактар үчүн насыя алганга мүмкүнчүлүк болду. Долбоор менен 300 миң сом алдык, кошумча кайтарымсыз 60 миң сом грант беришти. Жылуулоо иштерин башынан аягына чейин долбоордун кызматкерлери көзөмөлдөп турушту. Ошондуктан үйүбүздүн жылуулоосу бардык эрежелер менен аткарылган.Жылуулоодо үйдүн дубалдарына, полуна «Пеноплекс» материалын колдонгон, ал эми шыптын үстүн «Эковер» базальт жылуулоочу материалы менен жылуулашкан.
Айтып кетүүчү нерсе бул 2017- жылы жылуулоочу материалдардын, эшик-терезелердин, жылытуучу системалардын, мештин баалары мурунку жылдарга караганда азыркыдан алда канча арзан болчу. Ошондуктан үйдү жылуулоо үчүн бизге 360-400 миң сомго чыккан.
Насыя алып, үйдү жылуулоо иштерин бүтүрүп алгандан кийин, кышкысын 1 тонна көмүр жагып, ай сайын электр энергиясына 400-600 сом гана төлөп калдык. Өзүм кесибим боюнча мугалим болуп эмгектенем, жолдошум болсо тиш дарыгер. Ошондуктан, насыя алганда көп кыйынчылык болгон жок. Бүгүнкү күндө курулуш материалдардын кымбаттап кеткенине байланыштуу, үйдү жылуулоо бул суммадан төрт эсе болот го дейм».

«Пеноплекс» жылуулоо материалы
Ал эми туруктуу кирешеси жок жаранга үйдү жылуулоо боюнча кандай көз карашта экенин Кочкор айылынын тургуну билдирди. Бул каарманыбыз төрт бөлмөлүү үйдө 2 уулу жана жубайы менен турат.
«Үйдү 2007- жылы куруп бүткөнбүз, бирок жылуулоо иштери бүтө элек. Анткени өзүмдүн туруктуу ишим жок болгондуктан, ал эми жубайым болсо базарда майда-чүйдө сатып тиричилик кылгандыктан, азыркы күндө курулуш материалдардын баалары жогору болуп жатканына байланыштуу, жылуулоого каражатыбыз жетпей жатат. Насыя алганда кыйналып калабыз го. Мисалы, Кочкор айылындагы ири курулуш дүкөндөрдө «Пеноплекс» жылуулоочу материалынын 1 даанасы 130 сомдон 300 сомго чейин «Эковер» базальт жылуулук изоляциясын 1 пакети 1500 сомдон жогору . «Теплорд» (фольгасы) 1 метр 25 сомдон. Үйдүн дубалына эле 37500 сомго чейин жылуулоочу материалын алуу керек экен.
Азырынча кышкысын эки бөлмөдө жашайбыз, кыш бою 3-4 тоннага чейин көмүр жагып турабыз. Жөнөкөй адамдар үчүн үйдү жылуулоо кыйын эле болот экен деген жыйынтыкка келдик.

Пол үчүн жылуулоо материалы
Кочкор айылынын тургуну 48 жаштагы Ишенбек уулу Анек 20 жылдан бери үйлөрдү жылуулоо иштери боюнча кесипкөй адис катары артыкчылыгы жана үйдү жылуулоону эмнеден баштоо кереги боюнча кийинки маалымат берди:
«Ишти баштоодо эң биринчиден план түзүү керек. Мисалы, терезе, эшик, пол, дубалдын кайсынысы начар болсо ошондон жылуулоону баштоо керек. Ошондой эле, климаттык өзгөчөлүктөргө маани беришибиз өтө зарыл, анткени, бизде кыш мезгили башка областарга караганда 5-6 айга чейин уланып, абанын температурасы айрым учурларда 30-35 градус суук болот.
Кесипкөй адам катары негизи үйдү бир эле жолу жакшы жылуулап алса болот. Бирок кээ бир адамдар арзанына качырып, бир жумушту 2-3 жолу кайталагандар кездешет. Себеби, туура эмес жылуулап алышат. Кээ бир учурда шыптын үстүн полдун алдына салынуучу фольга изолин материалды колдонуп жаңылып калышат. Жылуулоодо сөзсүз башында үйдү бардык жагынан текшерип жылуулук кайсы жерден чыгып жатканын аныктоо керек.
Өзгөчө жылуулоодо маани берген жерлер бул терезе, дубал, пол жана шып. Андан кийин жылуулоо материалдарды туура тандап, кесипкөй адистер менен ишти баштоо керегин айтып кетет элем. Эске алчу нерсе, бул баасы жогору материалдар сөзсүз сапаты жогору дегенден алысмын. Арзан материалдарды колдонуп, адис үйдү сиздин каалооңуздай кылып жылуулап берет. Артыкчылыгы бул үйдү жылуутуда көмүргө жана электр энергиясын үнөмдөө жана жылуулукту көпкө чейин сактоого болот».
Нурия Карымбаева