Кочкор районунун Кара-Тоо айылында ГЭФ БУУОП чакан гранттардын программасынын негизинде “Мирбек Нур” коомдук уюму Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин окуучу, устаттарына жана жергиликтүү дыйкандарга балык чарбасы боюнча семинар уюштуруп берди.
Семинарды жеке ишкер Таалайбек Жээнбек уулу өткөрдү.
Жеке ишкер Таалайбек Жээнбек уулу
Таалайбек Жээнбек уулу балыктар жөнүндө мындай дейт:
“Балык менен иштегениме 11 жыл болду. Балыктын эки түрүн багабыз: Радужный жана Янтарный форелди. Биз балыкты икрадан баштап товар болгонго чейин өстүрөбүз. Балыктардын тамактануусу өсүү мезгилине жараша ар башкача болот. Мисалы, кичинекей кезинде протеинин көп майын азыраак кылып, чоңойгондо протеини аз майы көп кылынып берилет. Жана балык өстүрүүдөгү технологиялары тууралуу, көлмөлөрдү туура коюу боюнча алардын аралыктары кандай сакталышы тууралуу жалпы маалымат берип өттүм.”
№15 кесиптик лицейинин мугалими Саламат Шаршенбекова
Саламат Шаршенбекова:
“Биз «Мирбек Нур» коомдук уюмуну жетекчиси Алмаз Раевдин чакыруусу менен Кара-Тоо айылында жайгашкан балык чарбасына, №15 кесиптик лицейдин студенттери менен барып семинарга катыштык. Семинардын астында балык чарбасынын ичине кичи саякат болду. Бардыгын аралап ичин көрүп чыктык, ал жакта форель балыгын өстүрүшүп, икрадан баштап улам чоңойгонун өзүнчө бөлүп турушат экен. Андан кийин кафенин ичинде семинар өткөрүштү. Семинарда балыкты каяктан алып, кантип өстүрүштү жана кандай жем беришти кененирээк айтып берди.”
Презентация учуру
Семинар учуру
Балыктардын кичинекей кези
Балык чарбасынын ичин тааныштыруу учуру
Сырттагы балыктар менен таанышуу
Семинарда мал чарбачылыктан тышкары дыйкандарга альтернативалдык балык чарба аркылуу кошумча киреше табуу боюнча жакшы кеңештер берилди. Андан тышкары экосистемадыгы мал чарбачылыктын басымдуулугун азайтууга аракеттер жасалды.
Төлөн Токтосунова, Сезим Акылбекова