Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын Аманкул Куттубаев атындагы орто мектепте география мугалимдеринин семинары болуп өттү.
Мектептин окуучулары
Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын тургуну, учурда Бишкек шаарындагы Агротехникалык колледжинин студенти, айыл чарба ишкердиги кесибинде окуган Алтынбек уулу Нуртегин мындай деп билдирди:
“Мен дары чөптөргө мектепте 7-класста окуп жүргөн кезимде эле “Манас” эпосундагы дары чөптөрдү адабият сабагынан берген мугалимим Чолпон Көчөрбаева эжем айтып, окуп бергендиктен кызыгып калгам.
Эпостон кыргыз элдик медицинасы эки миң жыл мурда болгондугу жөнүндө ыр саптарында кездешет. Мен ошол мугалимим айтып берген далилдерге ишенбей үч илтикти изилдеп, окуп көргөм. Ал жерде согуштан тыныгуу учурунда жарадарларга көрсөтүлгөн медициналык жардам, дары-дармектер, медициналык аспаптар, хирургиялык операциялар, башкы дарыгерлер, колдонулуучу материалдар жана ошол учурларда кандай дары-дармектер колдонгону эпосто кеңири сүрөттөлөт.
Дары өсүмдүк семинары
“Манас “эпосундагы колдонулган дары өсүмдүктөрдүн аттары: эбеп, себеп, медет, азиз, калдыркан жалбырак, куну дары, нуш дары, кайнатма кара дары, кантемир дары, кырма кызыл дары, ийсең, жуушаң, чар дары, катырма кара дары, апы-сапы, уулжан, мумия, мээр чөп, искеме дары, ак дары, кара барпы, ак барпы, апийим жана эрмен чөп.
Ушул дары чөптөрдөн “Манас” эпосунда уулжан аттуу чөптүн:
“Уулжан берип ичинен
Эски дартын буздуруп”— деп, кайсы учурда пайдаланыла тургандыгы айтылып кеткен.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында ушул эле дарынын улжемил деген формада айтылары кездешет.
“Улжемил деген дарысын
Жутуп алды барысын.
Аккан каны басылып”
Эпосто ийсен, жуушаң аттуу дары чөптөрдүн кездешүүсү.
“Ийсең, жуушаң чөбү бар,
Издегендин көбү бар.
Орол тоонун учу бар
Ойлонсоң сонун ушулар”
“Манас” эпосунда чар дарынын кездешүүсү
“Алты-жети жанаяк
Чар дары кылып жуткузса,
Казактардын эр Көкчө
Умачтай көзү ачылды,
Ооруган жери басылды”
«Манас» эпосундагы чөптөргө кызыккан Нуртегин
Манас» эпосунда апийим.
“Манаска уу берип, эс-учун билбей өлгөнү жатканда ага уунун күчүн тарата турган дарыны беришет. Ал дарыны Сейид Жалал ад-Дин аттуу адам Манастын оозуна бир күндө бир тамчыдан куюп отуруп, 10 күн дегенде Манас көзүн ачат.
Радлов жазып алган вариант боюнча кашкулак өтү, арак, бал дары катары колдонула тургандыгы айтылат. «Манаста» кашкулак өтү менен бирге кажырдын өтү да Элдик медицинада колдонулуп келгени эскерилет:
“Кажырдын өтү барбы деп,
Чуулаганы андан көп,
Кумия дары момия,
Бар бекен деп кошундан.
Сурап жүргөн андан көп”
Ата – бабаларыбыз дары өсүмдүктөрдү мал дарылаганга , косметикага , көчмөн ашканага жана адам дарылаганга колдонуп келишкен .
Айсулуу Нурматова