Аба ырайы сууктап, көпчүлүк кыштын камын көрүп жаткан маалы. Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженер адиси Салават Соронбаев Жамааттык Медиага үйдү кантип эффективдүү жылуулоо керектигин айтып берди.
— Көмүр, газ же башка жылытуу системалары иштеп жатса деле үйдүн жакшы жылыбаганы эмнеден кабар берет?
— Үй тийиштүү деңгээлде жылууланбаса жылуулуктун бардыгы сыртка чыгып кетет. Жылуулук дубал, эшик, терезе, пол жана шып аркылуу чыгат. Көпчүлүк 1 же 1,5 кирпич менен дубалды тургузуп койсок, бул жылуулукту сактап кала турган калыңдык деп ойлойт. Бирок, бул жаңылыштык. Калыңдыгы 1,5 кирпич менен салынган үйдүн сыртын кошумча дагы жылуулоо керек. Себеби, биздин климаттык шартка байланыштуу бул калыңдык туруштук бере албайт. Жылуулукту сактап калуу үчүн 5 см калындыкта кошмча жылуулоо зарыл. Себеби дегенде, 35%га чейин жылуулукту сактап калуу маанилүү. Эгерде аны сактап кала албасак, биз отун, көмүр жаксак дагы үйдүн ичинде бул сакталбай, сыртка чыгып кетет.
— Жылуулоочу материалдардын кайсы түрлөрүн сунуштайсыз?
— Жылуулук материалдарын 5см баштап 10 см чейин колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө материалдардын түрлөрү бар. Же болбосо кеңири белгилүү болгон пенопласт, пеноплекс, дубалдын бетине чачып кое турган пенополиуретан аталышындагы материалдар бар. Анын баарын колдонууга болот. Ал эми булардан тышкары өрткө каршы артыкчылыгы бар базальт плиталарын колдонуу сунушталат.
— Үйдү жылуулоону эмнеден баштоо керек?
— Эң ириде план түзүү зарыл. Мисалы, терезе, эшик, пол, дубалдын кайсынысы начар болсо ошондон жылуулоону баштоо керек. Кыргызстанда эки түрдөгү пол кеңири колдонулат. Бирөө топурактын үстүндө цемент куюлган пол, экинчиси жыгач пол. Бул экөөнүн жылуулоо ыкмалары эки бөлөк. Алардын дагы калыңдыгы 5 см кем болбошу керек. Үйдү жылуулоодо кесипкөй адамдарга кайрылып, алардан кеп-кеңеш алса дейм. Негизи үйдү бир эле жолу жакшы жылуулап алса болот. Кээ бир адамдар арзанына качырып, бир жумушту 2-3 кайталагандар кездешет. Себеби, туура эмес жылуулап алышат. Кээ бир учурда шыптын үстүн жылууганда полдун алдына салынчу фольга изолин деген материалды колдонуп жатышат. Бул жаңылыштык.
— Анын кандай терс таасири бар?
— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бөлмө ичиндеги аба нымдуулукту түзөт. Үй жылыган сайын нымдуулук көбөйө баштайт. Ошол нымдуулук физика закону боюнча шып аркылуу сыртка чыгып кетиши керек. Бирок, жогорудай айткандай полго салынчу материалды шыпка колдонгондо нымдуулук сыртка чыкпай калат. Мындай учурда шыпта сары тактар пайда боло баштайт.
— Үйдүн кайсы бир жериндеги деффект аркылуу жылыбай жатканын аныктоого болобу?
— Сөзсүз түрдө аныктоого болот. Мындайда аныктай турчу жабдык дагы бар. Анын аталышы тепловизор. Ал адамды рентгенге тарткан жабдык сыяктуу. Аны колдонуп үйдүн бурчун, терезени, дубалдын сыртынан жана ичинен, айтор бардык жагынан үйдү текшерип, жылуулук кайсы жерден чыгып жатканын аныктоого болот. Ошол жабдыктын жардамы менен биз үйдү жылуулоодо кайсы жерине көбүрөөк маани берүү керектигин биле алабыз. Бирок, бул жабдык жок болсо деле үйдү жылуулоодо маани берүүчү жерлер – терезе, дубалдын сырты, пол экенин баса белгилегим келет.
Касиет Кубанычбек кызы