Учурдагы кымбатчылык жана жумушсуздук элеттктердин көйгөйү болуп келүүдө. Айылда айрым дыйканчылык менен алектенгендер кымбатчылыктын айынан чет өлкөгө иштеп кетүүгө аргасыз болушууда. Азыркы учурда Оттук айлында сегиз сырткы жана 5 ички мигрант катталган.
Оттук айылынын тургуну Канат (аты өзгөртүлдү) бир жылдан бери Россияда эмгектенип келет. Ал буга чейин да көптөгөн мамлекеттерде иштеп, үй-бүлөсүнө жардам берип келген.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык!
— Сиздин чет мамлекетке иштеп кетүүгө эмне себеп болду?
-Мен көптөгөн мамлекетти кыдырып, ар түрдүү жумуштарда иштеп келдим. Буга чейин мага башка мамлекеттердин элдеринин каада — салттары, кооз жерлери кызыктырса, азыркы учурда мен акча табуу максатында эмгектенип жатам. Балким пандемияга байланыштуу болуп жатабы же экономикалык абал ушундайбы, айтор, бардык нерсе кымбаттап жатат. Мен үчүн өз мекенимдеги тапкан айлыгым үй-бүлөмө жетпейт. Ошондуктан чет өлкөгө кетүү мен үчүн оңой болду. Азыркы учурда өз үй-бүлөмдү да чогуу ала кеткем. Бул жерде чогуу турабыз.
-Сиз эмне жумуш менен алектенесиз?
— Мен азыркы учурда ашпозчумун. Бул кесипти тандоого мага жеке ишкер себеп болгон. Ал мага ресторан ачалы, иштетели деген сунуш айтып, мен жөн гана тейлөөчү болбостон, ашпозчунун кесибин окудум. Азыр өзүбүз ачкан ресторанда башкы ашпозчу болуп иштейм.
-Ашпозчу кесибине чейин кайсы кесиптин ээси болдуңуз?
-Кесип тандоого жаштык кылдымбы билбейм, кайсы актуалдуу болсо ошону тандаптырмын. Мен юристмин. Бирок бала кезимден эле тамактарды жакшы жасачумун. Кийин өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдү түшүнүп, жогоруда айткандай себеп болуп, ашпозчу кесибинин ээси болуп отурам.
-Бизде деле көтөгөн ресторандар бар, балким, өз мамлекетиңизде иштеген жакшыдыр…
-Туура айтасыз. Өз мамлекетибизге эч нерсе жете албайт. «Туулган жердин топурагы алтын» деп бекеринен айтылбайт да. Бирок, жашоо шартка жараша жашайбыз. Бизде көп элдер ресторандарда тамактана беришпейт, тойлорду эле өткөргөңдөрү болбосо. Андыктан айлык да аз болот. Аз айлык азыркы учурда эч нерсеге жетпейт. Айла жок, чет өлкөгө иштөөгө туура келет.
-Мекенге кайтуу оюңузда барбы?
-Албетте бар. Биз иштеп, балдарга фундамент куруп берип, буюрса жеке бизнес менен алектенип, өз мекенибизге кайтып келебиз деген ниеттебиз.
— Азыркы пандемия шартында сиздерге кыйынчылыктар жаралдыбы?
-Мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы эле. Бул жерде көпчүлүгү вакцина алышкан. Ар бир кафе, ресторандарга, мекемелерге жада калса таксилерге да вакцина алды деген код аркылуу кирип калдык.
-Сиз эмдөөдөн өттүңүзбү?
-Албетте. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнө баалуу, ага кам көрүшүбүз керек. Ар түрдүү оорулардан сактануу керек.
-Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
-Чоң размат. Сиздерге да ийгилик.
Акылай Алмазбекова