«Спутник Лайт» вакцинасы жакынкы күндөрү Кыргызстанга 200 миң дозада келди. Бул «Спутник V» россиялык вакцинасынын жеңилдетилген варианты. Бирок, алардан айырмаланып «Спутник Лайт» менен эмдөө бир этапта жүргүзүлөт (препарат бир жолу куюлат).
Коронавируска каршы Sputnik Lite вакцинасы Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинде 2021-жылы 29 мартта каттоодон өткөн. Вакцина биотехнологиялык ыкма менен алынган, анда адамга патогендүү SARS-CoV-2 вирусу колдонулбайт. Препараттын курамына 26 серотиптеги адамдын аденовирустун негизиндеги рекомбинанттык аденовирустук вектор кирет, ал SARS-CoV-2 вирусунун S белогунун генин камтыйт.
Бишкек шаарындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова вакцина адамдардын өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү мүнөздө кабыл алуусу мүмкүн:
“Жалпысынан алганда «Спутник Лайт»вакцинасыны башкалардан андай деле айырмаланбайт. Кадимки күтүлүүчү реакциялар гана болушу мүмкүн. Бирок, эске алуучу жагдайлар бар. Мисалы: адамда оорунун белгилери байкалып жаткан болсо албай турууну сунуштайбыз.”
Ошондой эле Бурул Асыкбекованын айтымында жаңы чыккан буйруктун негизинде эми кош бойлуу аялдар дагы 22 жумадан өткөн болсо дарыгердин макулдугу менен эмдөөдөн өтсө болот.
Башка вакциналар тууралуу бул жерден окуңуз:
Алыскы чет өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасы таанылат
Коронавирусту жеңүүнүн бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү
Айгерим Кубатбекова