Айымдардын эл аралык майрамынын урматына «Жашоо жарык сен бар үчүн аялзат!» деген ураан менен Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде 11-класстар арасында конкурс болуп өттү. Сынак эң жакшы маанайда, кол чабуулардын коштоосунда өтүп жатты.
Алгач сахнага бий ийримине катышкан бобоктор чыгып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. «Билгиң келсе эгерде, намыс деген улуу сөз, Кор болбойсун эч качан, ордуңда болсо акыл эс»,- дегендей, класстын намысын коргогон 11 «В» классынын окуучусу Мунара Чолпонкулова кабарчыбыз Бермет Алыбаева менен маектешти:
«Ар бир нерсенин кыйынчылыгы болот, бирок анын баарын жеңсе болот, ошон үчүн мага көп деле кыйынчылык жаралган жок», деди Мунара
— Атаандаштарынар тууралуу эмне деп айта аласыз?
-Баардыгы таланттуу балдар экен, баары 1-орунга татыктуу, бирок күчтүүсү жеңет.
— Силер үчүн кайсы топ көбүрөөк атаандаштыкты жаратты?
-Мурдатан бери салт болуп келе жаткандай эле биздин класска 11 «А» класс атаандаш болуп келет.
Калыстар тобунда мектептин физика мугалими Гулмира Илиппаева да четте калбай өз оюн билдирди:
«Бүгүнкү сынак аябай жогорку деңгээлде өткөрүлдү, кыздардын бардыгы талапка ылайык жооп беришти. Буга чейинки өтүп жаткан сынактарга салыштырмалуу аябай жогору болду. Учурунда кыздар жасанып-түзөнүп эле келгенге аракет кылып калган, бүгүн болсо абдан жакшы форма-фартук менен сахнага чыгыщып, биздин купулубузга толду.
Катышуучулар өз чеберчиликтерин көрсөтүп, келген көрөрмандардын купулуна толду. Көрүүчүлөрдүн арасынан Тахмина Мустафа кызы төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бул сынак мага абдан жакты.Ушундай иш-чаралар жеке эле майрам күндөрү эмес, дайыма болуп турса дейм. Бул күнү мен бүт аялзатына эң биринчи ден-соолук, андан кийин үйүндөгү балдарына, өзүмдүн сиңдилериме, эжелериме жакшылыктарды каалайм», деди Тахмина.
Бардык айымдарды жаз жыттанган март майрамы менен куттуктоо менен биргеликте ден-соолук, узун өмүр, бакыт жана бардык жакшылыктарды каалап кетмекчибиз!
Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Алтынай Бакишова, Гулкайыр Осмоналиева.