Тере-Суу айылындагы таза суу түтүктөрү 1976-жылдары курулган. Эскилиги жетип калгандыктан, айылга кирүүчү Арстанкул акенин сайынан суу түтүгү жарылды. Ошол себептен 11-марта кечке жалпы айылда суу болгон жок.
Бул маселе боюнча таза суу боюнча айыл башчы Т.Назарбеков: «Сүү түтүктөрү абдан эскирди, бул жер мурун дагы жарылган. Азыр колдон келишинче эски камуттар менен убактылуу жамап койдук. Дагы канчага чыдайт, канча жерден жарылат белгисиз. Сүү түтүктөрү учурда Терек-Суу айылында эң көйгөйлүү маселе. Мен бул маселени чечүү үчүн Айыл өкмөт башчыга билдирүү жазып жатам» деди.
Урматтуу окурман «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып», ар бирибиз колдон келген жардамыбызды аябай, таза суу ичели.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов