Нарын облусунун, Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 4 жылдыз кароо сынагы болуп өттү. Бул таймашка 8, 9, 10-класстар жана ар бир класстан бир эне, бир ата, мугалим жана окуучу катышып, кызуу таймаш өткөрүштү. Мелдештин максаты мектеп менен ата-эненин байланышын жакшыртуу, балдардын жаңы ойлор менен берилген тапшырмаларды кызыктуу уюштуруп чыгышы болгон.
8-класстын окуучулары абдан жакшы даярданып келгени көрүнүп турду. Бирок, албетте жогорку класстардын даярдыктары мыкты экени да далил болду.
Кароо сынактын эн кызыктуусу, өз колдору менен даярдалган мода көрсөткөндүгу болду. Себеби колдон жасалган нерсе ар бир адамды суктандырбай койбойт, биринен бири калбай, биринен бири озуп, көздүн жоосун алган көйнөктөрдү жасашкан. Бири картадан кычыратып костюм даярдаса, бири салафандан көйнөк тигип, дагы бири газетадан, салфеткадан кышкысын, жайкысын озунчо кылып көйнөк тигип чыгышкан.
Мындан тышкары ар бир класска кыргыз эли мактана турган, таанымал актриса, бийчилердин образын сахнада чагылдырып берүү болгон. Бул тапшырманы бардык катышуучулар абдан жакшы даярдыкта көрсөтүп беришти.Себеби кыргыз элинин нур жүздүү, келишкен сулуулардын тарыхын унутуп калбастан, даана,так көрсөткөндүгүндө болду. Булар албетте, биз унутта калтырбаган Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана Курманжан Датка ,Жаныл Мырза.
Бул сынак 4 саатка созулду. Коштоп келген көрүүчүлөр да абдан шаңдуу маанайда отурушту. Убакыт өтүп ,жыйынтык чыгаруу мезгили келди.Жогорку класстын окуучулары алдыга чыгышты. Ал эми 9-класты артка таштаган 8-б класстын окуучулары 1-орунду камсыз кылышты. Калган класстар да орунсуз калбай, өз байгелерин ала алышты. Сынакта эн башкысы утуу эмес, катышуу деп айтылып келет, ошондуктан бардык катышуучуларга ийгилик каалап, дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырып келишин билдирди мектеп директору.
Мектепте бул сынак алкачкылардан болгон жок. Мындан 3 жыл мурун башталган “Кош жылдыз” кароо сынагына жылыга бирден жылдыз кошулуп отуруп, бүгүн “Топ жылдыз” сынагы болуп жатат.
Даярдаган: Перизат Кубанычбекова