Кошбулактын борбунда эл эки жылдан бери күткөн ажаткананын курулуш иштери башталды.»Ажаткананын курулушунун көпкө созулуусу жер талаш болгонунан улам токтоп турган. Архитектура генералдык планга ылыйык санузел куруу үчүн бөлүп берген жер тилкесин Т. Юсупов аттуу жаран талашып, курулуш иштерин баштаганга мүмкүнчүлүк бербей келген. Акырында комиссиянын чечими менен маселе оң жакка чечилип, жергиликтүү бюджетте каражат тартыш болуп калды. Эми бул маселени Б. Сапаркулов Донордук уюмдарга гранттык долбоор өткөрүп маселени чечкен. Бүгүнкү күндө иш кызуу башталды»- дейт Сүлүктү шаарынын 1-вице-мэри Ташев Бавабек.
» Долбоорго ылайык типтүү, септиги бетондолгон, заман талабына жооп берген ажаткана болот. Жалпы баасы 122 миң сом түзөт. Өзгөчөлүгү жумушсуз жарандар иштеши керек, 12 жаран убактылуу жумуш менен камыз болот»- дейт долбоордун автору, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров