Президент А. Атамбаевдин жарлыгына ылайык «Улуттук экономиканы чыңдоо»- демилгеси менен Сүлүктүдөгү Исманали Карабаев жетектеген «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү ишканасы жазгы иш чараларын баштады. «Биз Президенттин жарлыгына ылайык колдон келишинче жашаган аймагыбызды өнүктүрүү үчүн иш баштадык. Бул үчүн биздин эмгек жамаатыбыздын инженердик-техникалык кызматкерлери ар ишемби сайын ишембилик өткөрүп, ички унаа жолдорубузду оңдоп түздөп, шагыл-кум аралашмасын төшөп жатабыз. Бул иш-чарага айдоочуларыбыз да кошулду. Айлана чөйрөнү көрктөндүрүү үчүн Лейлек токой чарбасына көчөткө буйрутма да бергенбиз. Көчөттөрдүн келиши менен отургузабыз. Жыл бою ар ишемби сайын көчөттөрдү сугарып турабыз»- дейт Исманали Джумабаевич.
Биздин «Эмне үчүн кечирээк баштадыныздар, Жарлык 31.12.14 чыккан эле»-деген сурообузга, «Сүлүктүдө кар эми ээриди. Буга чейин жолдорго «подсыпка» кылып, техникалык туз чачып келгенбиз, бул деле аз болсо да салым»- деп жооп берди.
«Ушундай алгылыктуу демилге бардык аймакта колго алынса тез эле мамлекетибиз өнүгүүнүн стабилдүү жолуна түшөт. Саясат менен убара болгон бекерчилер андан көрө бир жылда он түп эле көчөт өстүрсө өзүнө да, үй-бүлөсүнө да, экологияга да пайдалуу болмок»- дейт Кошбулак аймагынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.
Кабарчы: Мусуратилла Исканов