Ооган-Талаа айылындагы 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү элге аш-тойлордо колдонула турган стол, отургучу менен жасап беришти.
Ооган-Талаа айылынын тургундары 1982-жылы төрөлгөн жана 1999-жылы 11-классты аяктаган окуучулар 20 жылдан кийин жолугушууга келүүнү пландап, ушул бүтүрүүчүлөрдүн атынан айыл элине кереги тийсин деп аш-тойлордо колдонуучу 10 стол, 20 отургучу менен жасатып беришти.
«Стол отургучу менен жасатууга балдар ортодо акча чогултуп, материалдарын алып келип, жасаттык. Баары болуп элүү миң сом акча сарпталды. Биз отургуч столдорду элдик жыйын болгондо мечитке бердик. Ошол жерден эл алып колдонушат»,-деп билдирди Тиленов Кыял.
«Мындан сырткары өзүбүз окуган №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин алдына арча отургузуп берүү да оюбузда бар эле. Жаз келээри менен он түп арча алып келип, өз колубуз менен отургуздук. Бул 1982-жылкы бүтүрүүчү балдардан мектепке эстелик болду.»-деди Тиленов.
«Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын келип учкан билим уясынан кабар алып турушат. Бул жылы да 1999-жылы бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрүбүз билим алган мектебинин кайрылып бизди кубантып жатышат. Чоң рахмат биздин окуучуларыбызга, ишиңиздерде дайыма ийгилик болуп, эл үчүн кызмат кылган эр азаматтардан болгула,»- деди Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова.
Арчага баары болуп беш миң сомдой акча сарпталып, мектептин кире беришине отургузулду.
Арча отургузууга 1982-жылкы балдардын атынан келген Тиленов Кыял, Алыбаев Марс, Каныбектер да жакшы тилектерди айтып, дайыма мектепке келгенде, отургузган арчаларды көрүп, суктанып, 20 жылдык жолугушуубузду эстеп туралы деп айтып кетишти.

«Ар дайым элге кызмат кылган эр азамат болуп жүрө бергиле»-деп бата берди мектептин чарба иштерин алып баруучусу Аликулов Шакир.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ