Суусамыр өрөөнүнүн 1-май айылынын көчөлөрүнө 3 жыл мурун жарык чырактары коюлган. Бул айыл тургундарына жагымдуу маанай тартуулаган эле. Бирок учурда жарыктар иштебей турат.
Жарыктардын иштебей калышына айыл тургундары нааразы болууда.
Бул тууралуу айыл тургундары өздөрүнүн ойлорун бөлүштү.
«Айылга жарыктар коюлганда аябай эле жакшы болгон. Көчөдөн бири-бирибиздин үйүбүзгө барып калсак, карайлап фонарик күйгүзбөй, көчөдөгү жарык менен барып, ыңгайлуу болуп калган. Караңгыда унаалар өтсө, бала-бакыраларыбызга дагы жагымдуу болгон. Жарыктардын иштебей калышы, техникадан кетти деп ойлойм. Ошондой эле бизге алып келген тендерди тандап жатканда, соода-сатык менен алектенген адамдар өздөрүнүн товарларын өткөргүлөрү келет. Кыскасы басым болуп калды окшойт. Ошентип 1 айга жетпей эле жарыктардын баары өчүп калды. Андан соң кайра келип оңдошту эле, бирок кайра эле бузулуп калды. Булар сапатына карабай эле, соода сатыкта көйгөй болуп кетти окшойт. Келечекте кайра жарыктарды оңдоо үчүн айыл өкмөтүнөн көп акча каражат кетиши мүмкүн. Бирок кайра жарыктарды коюп беришсе жакшы болмок.»-деп билдирет айылдын тургуну Молдогазы Дүйшенов.
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча, бул иште кош көңүлдүк болгондугунан, жарыктар аз убакыт иштеди деп билдиришүүдө.
Ошондой эле айыл тургуну Тынымкүл Курманалиева бул тууралуу өз оюн билдирип кетти:
«Жарыктар коюлганда биз албетте сүйүнгөнбүз бизге абдан жакшы болгон. Көчөгө бала-бакыраларыбыз кенен басып калган. Мал жаныбызды кечинде кенен карап калганбыз. Жарыктардын иштебей калышына начар көз караштамын. Жарыктар иштеп эле турса болмок. Башка жактарда жарыктар жакшы иштеп жатат. Биздики 1 эле ай иштеп, иштебей калды. Иштеп турса бизге албетте жакшы болмок. Бала-бакырабызга, өзүбүзгө деле жакшы болот эле. Келечекте көчөлөрүбүзгө жакшы жарыктар коюлса абдан жакшы болмок.»
Жарыктар коюлганда кичинекей балдар качмай топ, футбол жана башка оюндарды кечкисин ойноп, жакшы көз ирмемдер өткөнүн Токтобек Токтосунов билдирди:
«Жарыктар күйгөндө аябай жакшы болгон, көчөдө балдар аябай ойноп калган, качмай топ, футбол деген оюндарды. Малга чыкканда жарык болуп, жакшы болгон эле. 1айдын тегерегинде жарыктар күйдү, андан соң өчүп калды. Иштебей калышына баары тең эле жаман көз карашта болсо керек, мен деле жаман көз караштамын. Келечекте биздин көчө Дубай болушун каалайт элем да. Жапжарык болуп, бир тарапта эле эмес 2 жакта тең жарыктар күйсө сонун болмок.»
Айыл тургуну пенсионер София Ракымбаева 1 ай болсо да көнө түшүптүрбүз, өчүп калгандан кийин кайра отуруп калдык деп өз оюн айтты:
«Абдан жакшы нерсе болгон. Кечке жуук көчөң жарык болуп турса, сууга барганда, малга чыкканда, аябай жакшы болчу, жарык күйүп турган убактарда. Жарыкты кайра коюп берсе, биз үчүн жакшы нерсе экен.»
Бул маселе качан чечилет жана эмне себептен бузулуп калганын айыл башчы Сапарбек Кулболдиев айтып берди:
«Бул жарыктар айыл өкмөт тарабынан коюлган. Бирок муну тендердин компаниялары утуп алып коюлган. Компания сапатсыз материалдарды алып келип койгондугунан көп узабай, бузулуп калды. Бул эмес башка айылдарда дагы өчүп калды. Бул иш чараны айыл өкмөт көзөмөлдөйт. Айыл өкмөтүнө мен жана айыл тургундары кайрылганбыз. Эмне себептен күйбөй калды деген суроолор менен. Бирок айыл өкмөтү компания менен сүйлөшөбүз, кайрылабыз деп жооп берген. Бул маселе качан чечилээри белгисиз. Биз кайрылып жатабыз. Айыл өкмөтү компанияга кайрылып жатабыз деген, тендерлерге мен катышпайм. Бул нерсе айыл өкмөтү тарабынан чечилет. Жарыктар үчүн айыл өкмөтүнөн 80 миң сом каражат бөлүнүп берилген.»
Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Муканбет Койчукеев айылдык кеңештин сессиясында бул маселени көтөргөндүгүн жана азырынча жыйынтыгы белгисиз экендигин айтып өттү:
«Бул жарыктар коюлуп жатканда, мен иштеп жаткан компаниядан сурасам сметасын көрсөтө алышкан жок. Сапатсыз коюлуп калды. Тендерден уткан компания жасап берип, бирок жоопкерчиликти алган жок. Бул боюнча мен айыл өкмөтүнүн эсепчисине да кайрылгам. Ошол бойдон бул маселе калып калды. Быйылкы бюджетке киргизилген жок».
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев айыл эли жасалган иштерге аяр мамиле жасаса болмок деп нааразычылыгын билдирди:
«Биз жарыктар коюлгандан кийин иштебей калганда, кайра жандандырдык. Анан кар жаап салды, зымдар үзүлүп кеткенде айыл тургундары кесип кетишти, чырактары сындырып салышты жана айыл тургундары жасалган нерселерге аяр мамиле жасабайт. Жарыктандырууга мисалы 100 миң сом бөлүнүп берилсе, ал толугу менен жумшалат жана кайра оңдогонго каражат жок болуп калат. Былтыр кайра оңдоого каражат каралган эмес, эгерде каралса биз бузулган жерлерин оңдоп турат элек. Бюджетти бөлүштүрө келгенде акча карабай жатышат. Быйыл мисалы, 1-Май айылына 400 миң сом бюджеттен бөлүндү, бирок депутаттар жарыктандырууга каражат бөлгөн жок жана көтөргөн жок. Негизи тейлөөгө жок дегенде 20-30 миң сом бөлүнүшү керек.»
Даярдаган: Толгонай Самудинова