Учурда Кыргызстандын саясий айдыңындагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп, саясатта аялдардын аздыгы болуп турат. Буга чейин Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу аялга мамлекетти башкаруу ишеними берилгенде, өлкөдө гендердик маселе бир кыйла оң жагына чечилгендей болгон.
Роза Отунбаева мөөнөтү бүтүп, кызматынан кеткенден кийин парламенттеги эл өкүлдөрүн шайлоо эрежеси да өзгөрүлдү. Кыргызстандын шайлоо мыйзамында партиялык тизмедеги ар бир төртүнчү адам аял болушу керектиги так жазылган. Шайлоо алдында саясий партиялар мындай эрежени аткарууга аргасыз болушкан. Шайлоо бүтүп, жеңишке жетишкен талапкерлерге мандат берилгенден кийин эркек саясатчылар аялдарды тизмеден чыгара башташты. Гендердик мыйзамдар боюнча бардык бийлик бутактарында аялдардын өкүлдөрү 30% кем эмес болууга тийиш болсо да, былтыр жыл аягында парламенттеги аялдардын орду 10% гана түзгөн. Жогорку Кеңештин вице спикери Аида Касымалиева минтип отурсак 2028 –жылы айым депутаттар таптакыр калбай калат деп кабатыр:
“Мурда акимдердин орун басарлары сөзсүз аялдар болчу, социалдык маселелер боюнча, анда дагы мен ойлоп койчумун эмне себептен аялдарга социалдык маселелер гана жүктөлөт деп. Башка экономикалык маселелерди деле жүктөсө болот да. Бул деле теңдиктин бир түрү, бирок ошол социалдык маселелер боюнча акимдин орун басарлары деле калбай баратыптыр. Акимдер жокко эсе. Мисал үчүн Кыргызстанда 450 дөн ашык аймак болсо анын тогузунда гана аял акимдер иштешет, калганында жок ал эми жергиликтүү кеңештерде такыр эле аялдар жок. Жергиликтүү кеңештерде аялдар жок болгондон кийи ,алар спикер дагы айыл өкмөтү дагы боло албайт”.
Эгемендик алгандан бери президент, Убактылуу өкмөттү жетектеген аял киши болду. Учурда Жогорку Кеңеште аз да болсо гендердик теңчилик сакталып жаткан болсо, жергиликтүү кеңештерде абал жаман. Алсак, Суусамыр айылдык кеңешининин 6-чакырылышында бир дагы аял жок. Мурунку чакырылыштарда бирин-экин аялдар болгон, аталган айылдык кеңештин депутаты Абдысатар уулу Рахатбектен эмне үчүн жергиликтүү кеңеште аядар жок деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:
“Аял кишилердин өздөрүнүн даярдыгы жокпу же коомчулук өзүбүз даяр эмеспизби, аял депутаттарды шайлап өткөзгөнгө.Себеп дегенде өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоосунда, кырктан ашык талапкер болгонбуз. Ошонун ичинен беш-алты аял кишилер өз талапкерлигин коюшкан. Анан эми баягы эл тандап, эл шайлайт экен ал кишилер өтпөй калды, алар кокус өтүп калса дагы алардын дагы кеңеште өз ордулары болмок болуш керек”.
Мындан улам эмнеликтен коомчулук аял кишилерди саясатта көргүлөрү келишпейт деген суроо туулат. Гендердик укук боюнча эксперт Рима Султанова аялдар саясатта эмес казан-аяк менен болуш керек деген түшүнүк эл арасында калыптанып калган дейт. “Аялдарды саясатта өлкөбүз колдобойт. Саясатка жалаң эркектер эле барыш керек деген, стереотиптерибиз бар. Аялдардын орду казан жакта, тамак жасоо, үйдү жыйноо, ошондой ролго киргизгенбиз. Аялдар чечим чыгара алат, башкара алат деген стереотиптерибиз аз болуп жатат. Аялдарды колдош керекпиз”.
Айылдагы аялдар – бул чоң күч. Алардын колунда салт санаа, адеп-ахлак, элеттин жашоо мүнөзү кармалып турат. Аймактарда аялдардын башкаруу, коомдук турмуш тууралуу түшүнүгү жок деп айтуу туура эмес. Аял киши болгон жерде коррупция азайып жатканын да айтып жүрушөт. Суусамыр айылынын жашоочуларынан аялдарсыз саясат кандай болмок, деген сурамжылообузга бир ооздон аялдарсыз саясат болбойт деген жооп алдык.
“Айымдарсыз саясат болбойт го, анткени алардын дагы айта турган сөздөрү бар. Депутаттар өздөрү айтып жатышпайбы, аялдар көбөйсө болот эле деп. Аялдар көп болсо аялдарга тиешелүү көп суроолор чечилмек, анткени аялдар кысынып эркектерге көйгөйлөрүн айта алышпайт калышы мүмкүн, аялдардын саясатта болгону жакшы”. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдиргендей гендердик теңдик маселесине ЖК да эркектер көңүл кош мамиле жасайт. Бул темадагы жыйындарга катышпай, чыгып кетип калышат. Ал эми грант, жол салуу, башкаруу, өкмөт курамы дегенде бири да калбай жыйынга катышат. Жогорку Кеңештин эркек депутаттары айым депутаттарды парламенттин көркүнө көрк кошуп, отурумду кооздоп турган элемент катары эле көрушөт. Аида Касымалиева Жогорку Кеңеште квота шайлоо алдында тизме такталганда эле сакталбаса, кийин көңул деле бурулбай калаарын белгилейт. Айым депутаттардын демилгеси менен эми 2020-жылдан тартып Жогорку Кеңештен кеткен аял депутаттын ордуна аял, эркек депутаттын ордуна эркек келиши керек деген норма иштей баштайт.
“Азыр эки нерсени жоюп жатабыз биринчиси, квота сакталат деген мыйзам, ал 2020-жылдан баштап ишке кирет. Бул эркек кетсе эркек келет, аял кетсе аял келет деген. Буга чейин көйгөйлүү маселердин бири болчу. Мурда 30 пайыз квота менен келип дароо кетип калышчы, азыр деле депутат айымдар баштагыдан аз. Экинчи мыйзам азыркы убакта биринчи окууда өтүп жатат. Жергиликтүү кеңештерде резервация деп коёт, мында адистер иштеп жатышат ушул мыйзамдын үстүнөн. Резервация-деген шайлоо учурунда эң алдыңкы көп упай топтогон үч айымга мүмкүнчүлүк берилет. Ошолор токтоосуз утуп чыгат дегендик”.
Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө башкарууда эркектердин басымдуулук кылганын байкоого болот. Мисалы, шайлоодо аялдарга добуш берүүгө биринчилерден болуп Жаңы Зеландияда 1893 — жылы уруксаат берилген, Ал эми биринчи жолу 1906 — жылы Финляндиянын парламентине аялдар депутат катары өткөн. Россияда 1917-жылдан баштап маселеге көңүл бурулду. Статистикага ылайык ЖК 2005- жылдагы чакырылышында бир да аял депутат болгон эмес. Кийин буга коомдун, бийликтин көңүлү бурулуп, аял депутаттардын саны көбөйө баштады.
Даярдаган: Калдыков Анарбек.