Аялдар тууралуу жакшы сөздөр, ырлар жана макалалар көп, бирок алардын укутары тууралуу маалымат аз. Ошондой эле “Саясат жана айым” деген сөздөр көп учурда терс көз караш жаратат. Себеби, адамзаттын элесинде, дайыма аял үйдө жана бир гана үй-бүлөлүк иштерге байланган. Саясатта айымдардын оорду кандай жана коомдо аялдардын ою маанилүбү, ушул суроого жооп издейбиз?
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда аялдардын саны эркектердин санынан басымдуулук кылат. Бирок, ошондой болгону менен мамлекеттеги жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар аз санда. Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келатат. Бирок ошого карабастан, айыл жергесинде эркекетердин ою боюнча, аялдын орду үйдө.
Базарбек Жантаев, эки кыздын атасы, учурда айылда таксист, аялдардын саясаттагы орду тууралуу оюн уктук:
«Негизи аялдар саясатка аралашпай эле коюшса, эркектер эшикте болсо, аялдар үйдө болушса, тамак-аш кылып, кир жууп, бала багып. Азыркы тапта аялдар саясатка аралашып, тең укуктуулукту талашканы жакшы, бирок аша-чаап кетпеш керек, үйдүн жумушун ким кылат?»
Өкмөттүк эмес уюмдарда, массалык маалымат каражаттарында лидер айымдар көп. Эгемендик жылдарында соода-сатыкка биринчи болуп аялдар кадам таштаган. Кыргызстанда саясатчы айымдардын саналуу, алардын бири, Жогорку Кеңештин Вице-спикери Аида Касымалиева. Ал үлгүлүү эне, жубай жана азыркы учурда мамлекеттик деңгеелде маанилү инсан. Аида Касымалиева азыркы тапта саясатта айымдарга карата кырдаал тууралу оюн уктук:
“Азыр Кыргызстанда бизде айымдар үчүн квота бар, бирок барган сайын статистиканы карасак квота жардам бергени менен, квота жакшы сакталбайт. Жогорку Кеңешке келишет, бир бир айдан кийин же бир жылдан кийин айрым айымдарды мандатынан ажыратып же Өкмөткө кетирет, ал айым кайра кайтып келбейт. Бир-экиси эле айыл жергесинде башкарган аял, жыл өткөн сайн аялдардын саны азайып баратат. Дагы бир мыйзам менен иштеп жатабыз, айыл жергесине дагы квота киргизгени аракет кылып жатабыз.”
Биздин эл ата-бабабыздан келе жаткан кыз кишини сыйлап, бийик туткан салтты улап келүүдөбүз. Орто Азия элдеринин, анын ичинен мусулман өлкөлөрүнүн арасынан кыргыз кыздары прогрессивдүү ой жүгүрткөндүгү, эркиндикти сүйгөндүгү жана билимдүүлүгү менен айырмаланат. Келечекте Кыргызстандын тарыхында, өлкөнү өнүктүрүүдө айымдардын орду эбегейсиз.
2010-жылы айымдар арасынан алгачкы президент болгон Роза Отунбаева жакында эле Бишкекте өткөн форумда аялдардын статусун көтөрүү зарылдыгы тууралуу айтты. Экс-президенттин билдиргенине караганда, учурда жергиликтүү кеңеш депутаттарынын 13 гана пайызын аялдар түзөт. Аялдар кызматка кыйынчылык менен көтөрүлөт.
Эмне үчүн айыл жергесинде депутат айымдар аз, шайлоого катышып, бирок аз добуш менен өтпөй калган учурлар кездешет, кандай себептер болушу мүмкүн, ошол тууралуу гендердик эксперт Римма Султанова өз ою менен бөлүштү:
“Аялдарды саясатта өлкөбүз колдобойт. Стереотиптерибиз бар, саясатка жалаң эле эркектер барыш керек. Аялдардын орду казан жакта, тамак жасоо, үйдү жыйноо, ошондой ролго киргизгенбиз. Бирок аялдар чечим чыгара алат, башкара алат деген стереотиптерибиз аз болуп жатат. Аялдары колдош керекпиз”.
Эске салып кетсек, 1979- жылы Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенция кабыл алынган, бул документтин 7- беренесинде айымдардын саясий жана коомдук укутары тууралуу жазылган. Конвенциянын 7-беренеси аялдардын бул укуктарын дагы бир ирет бекемдейт. Бул берене аялдардын мамлекеттик кызмат орундарында иштөөгө жана чечим кабыл алуу деңгээлдерине катышууга укуктарын бекемдейт. Мындан тышкары, аялдардын өлкөнүн коомдук жана саясий турмушундагы маселелер менен алектенген бирикмелерге катышуу укуктарын камсыздайт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова