24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы 10-класстын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган жүрүштүн негизги максаты элдерге бул илдет боюнча маалымат берүү, кантип сактануу керектиги тууралуу түшүндүрмө берүү болуп саналат.
Тургундар бул оору тууралуу мурда үстүрдөн гана билишсе, азыр көп маалымат алгандыгын айтып, ыраазычылыгын билдиришти. Жөө жүрүш мектептен райондук ооруканага чейин уланды. Окуучулар колдоруна кургак учук тууралуу көп маалыматтарды, сүрөттөрдү көтөрүп чыгышты. Бул иш чара тууралуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин тарбия завучу Жыпар Кубатбекова : «Дем алыш күнгө карабай биздин мектептин 10-классынын окуучулары менен жөө жүрүшкө чыктык.Көчөдөгү бир адам болсо да, он адам болсо да, «Дени сак улут, дени сак мамлекет» деген ураандын алдында ушундай жүрүшкө чыктык. Элибиздин дени сак болсун! Эч качан оорубасын!»-деп өз сөзүн билдирди. Ал эми Ак-Талаа аймактык ооруканасынын хирургу Койчубаков Улан кошумча мындай маалыматтарды берди: «Кургак учук илдети 1868-жылы биринчи жолу немец окумуштуусу Роберт Гук тарабынан аныкталган. Бул оору көбүнчө иммунитет төмөндөшүнөн болот. Адам баласы төрөлгөндөп баштап эле туберкулёзго каршы атайын вакцина сайылат. Жугузуп алуудан сактануу жолдору тура тамактануу, спорт менен машыгуу, өздүк гигенаны сактоо болуп эсептелет.»
Даярдаган: Илимбек кызы Зулайка