Учкун айылынын Токсобаев орто мектебин 2017-жылы аяктаган Бүбүсүна Нурбекова учурда өз кол эмгегинен жаралган түрдүү кооздуктарды жасап, инстаграм баракчасына жайгаштырып киреше табууда.
Бүбүсүна Нурбекова Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекетик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенти.
Хоббиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Мен бир нерсенин сүрөттүн көрүп калсам ошол нерсени сөзсүз жасаганга аракет кылам. Кээде өзүмө пайда бере турган, адамдардын жашоосун чагылдырган кинолорду көргөндү жактырам. Кээде кааласам китептерди окуйм. Аял затына, кыз кишинин жашоодогу орду жөнүңдө китептерди окуганды жактырам.
Кооздуктарды жасоону кимден үйрөнгөнсүз?
— Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан берген Бактыгүл Айдакеева эжеден үйрөнчүбүз. Андан тышкары апамдан үйрөнчүмүн. Ал эми азыр болсо жасай турган нерселеримди интернеттен карайм, youtube дан видеолорун көрөм. Ошондой эле учурда сабак берип жаткан мугалимдерден үйрөнөм.
Кандай жасалга, кооздуктарды жасай аласыз?
— Баштаганда эле кагаздан жасап баштагам. Кагаздын көп түрлөрү болот. Алардын ылайыгына жараша ар кандай гүлдөрдү жасайм. Окуумдан кожадан ключницаларды, сумка башка нерселерди жасаганды үйрондүк. Аны менен бирге жиптен сөйкөлөрдү сумкаларды, колго тагууга ыңгайлуу кооздуктарды түйүп жасайм.
Инстаграмдагы баракчаңыз тууралуу айта кетсеңиз?Эмне болуп ачып калдыңыз?
— Инстаграм почтамдын ачылганына бир жыл болуп калды. Ал нерсени көп жылдан бери эле ойлоп жүргөм. Өзүм жасаган нерселеримди жүктөп киргизсем, аны элдер көрсө, үйрөнөм деп сурашса, үйрөтсөм дечумун. Же болбосо жагып калса буйрутма беришсе жасап берейин деген максат менен ачылган.
Даярдаган: Бегимай Алиаскарова