Нарын облусунун Учкун айылында медиа сабаттуулук жана шайлоого арналган иш-чара болду. Ага айыл тургундары катышып, шайлоо учурундагы жалган маалыматтар, аларды кантип аныктаса болот деген бир катар суроолорго жооп алышты. Мындан тышкары, алар Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.
Учкун айылынын тургуну, мугалим Наргиза Рахматова Конституция өзгөргөн менен өлкө өзгөргөн жок деген пикирде. Анткен менен, ал алдыдагы референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоосунан өнүгүү жолундагы өзгөрүүнү күтүп жатканын маалымдады.
“ Конституцияны өзгөрткөн сайын эле мамлекет өзгөрүп кетсе, мурда эле өзгөрмөк болушу керек. Бул жолу референдум жана жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо бир өткөнү турат. Талапкерлер ичинен татыктуусу, билимдүүсү, мыйзамдуу иш алып барат деген адамдар бар. Мен дагы өзүм ишенген талапкерге добушумду берем. Менин оюмча айылдык депутаттар бюджетти так билиши керек, калыс бөлүштүрүшү керек.”
Ал эми баш мыйзамды окуп чыга элекмин. Бирок, бул кадамдар туура эле деген ой пикири менен ушул эле айыл тургуну Таалайкүл Мамырбаева бөлүштү.
“ Конституциянын жаңы долбоору суншталды. Менин оюм боюнча туура эле. Бирок, баш мыйзамды азырынча окуп чыккан жокмун. Ал эми алдыда боло турчу шайлоого катышам. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен референдум бирге өткөнү жатат. Мынтип кошуп койгону менимче туура эле. Элдин добушу көп болот деп ойлойм” – деди Таалайкүл Мамырбаева.
Буга чейин парламенттик башкарууда жашадык. Эми президенттик башкарууну дагы көрөлү деген ой-пикирин айыл тургуну Талант Мустапаев ортого салды.
“Конституциянын жаңы долбоорун окуп чыга алган жокмун. Мен билгенден парламенттик башкаруу президенттик болуп өзгөрүп жатат. Анан тышкары, элдик курултай деген жазылыптыр. Ушул нерсеси жакты. Чындыгын айтканда, баш мыйзамдын өзгөрүлүшү боюнча толук маалыматым жок.”
Учкун айылындагы №4052 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова шайлоо тынч өтсө деген ниетин билдирди.
“ Учкун айылында жергиликтүү кеңеште 1760 шайлоочу, ал эми референдумга 1658 шайлоочу бар. Шайлоого элдин маанайы жакшы, тизмеден өздөрүн карап атышат. Биз 2017-жылдан бери иштеп келе жатабыз. Бул жергиликтүү кеңеште шайлоо тынч болот деген ишенимдебиз. Ар ким өзү ишенген талапкерлерине добуш берсин. Буга чейин биздин айылда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, бул шайлоодо дагы биз жакшы өткөрүп алууга аракет кылып жатабыз” — дейт участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы.
Бул жолугушууну Жаматтык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү болгон Учкун мультимедиа борбору ишке ашырды. Иш-чарага мугалимдер, дыйкан чарба мүчөлөрү, участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Баетов айылынын тургундары шайлоодон өнүгүүнү күтөт
Касиет Кубанычбек кызы