Сарбашова Бурул 1962 – жылы 1 – январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында төрөлгөн. 1984 – жылы И.К. Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо бөлүмүн бүтүргөн.
Үй бүлөлүк дарыгер Сарбашова Бурул
“Медицина тармагында иштегениме 36 жыл болду. 1984 – жылдан 2000 – жылга чейин Сокулук районундагы борборлук ооруканасында жугуштуу оорулар врачы болуп эмгек жолум баштадым. 2000 – жылдан Кызыл – Туу айылындагы ооруканада үй – бүлөлүк дарыгер, 2010 – жылдан бери клиникалык жетекчи болуп эмгектенип келем. 2014 – жылы Саламаттык сактоо отличниги наам алдым жана жогорку даражадагы врачмын. Январь айынан баштап дем алыш жок күнүгө иштеп жатабыз. Азыркы кыйынчылыкта тазалыкты сактап, иммунитеттинерди көтөргүлө деп кенеш берет элем. Тилегеним кыргыз элим өнүп өсүп, тынчтыкта жашап, ден – соолукта болушсун демекчимин“- билдирди Сарбашова Бурул оорукананын жетекчиси.
Бурул эже 4 кыз, 1 уулдун энеси.
Айдай Джолчубекова