Белгилүү ырчы Эрлан Андашев менен комузчу Перизат Көпөбаева түтүн булатып, турмуш курганына дээрлик 10 жылдын жүзү болду. Бир кызды тарбиялап келе жаткан бактылуу түгөйлөр музыкалык мектепте окуп жүргөн, окуучулук күндөрдө таанышкан. Перизат айым биз менен үй-бүлө, карьера, бала тарбиялоо тууралуу кызыктуу маек курду.
Ырчы Эрлан Андашев жана комузчу Перизат Көпөбаева
— Перизат айым, саламатсызбы? Алгач өзүңүз менен таанышып алсак…
— Менин кесибим комузчу. Бала кезимден музыкалык билим алгам. М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернатында 11 классты бүтүрүп, андан кийин жогорку билим алуу үчүн Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып 5 жылдык билим алгам. 1998-жылдан баштап «Акак» комузчулар ансамблинин 1-курамында эмгектенгем. Азыр АКШда жашаганыбызга байланыштуу кесибимди таштоого туура келди. Ошентсе да кээ бир иш-чараларда, кыргыздар чогулган жерде комуз чертип калам. Өзүм 1987-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын кенжесимин.
— Бүгүнкү бактылуу жубайлар, канча жыл мурун, кайдан, кантип таанышып калган?
— Жолдошум менен балалык кезимде эле музыкалык мектептен таанышкам. Экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Менден 1 класс жогору окучу. Биз жаңы таанышканда мен 6-класс, жолдошум 7-класста болчу.
Түгөйлөр музыкалык мектептен таанышкан
— Бала кезде табышкан түгөйлөрдөн турбайсыздарбы. Качантан баштап кыз – жигит болуп сүйлөштүңүздөр?
— Мектепте окуп жүргөндө жолдошум сүйүүсүн билдирип , кат жазып жүрчү. Ал убакта мен үчүн биринчи орунда сүйүү эмес, оюмдун баары окуу эле. Ошол кезде, Эрланга турмушка чыгам деген ой оюма деле келген эмес. Ал эми кыз-жигит катары студент кезден тарта сүйлөштүк.
— Турмуш куруу абдан жооптуу чечим эмеспи. “Түбөлүктүү түгөйүм — ушул жигит” деген ишеним, чечим канча убакыттан кийин пайда болду?
— 4 курста окуп жүргөндө турмуш куралы деп сунуш киргизди. Окуумду бүтөөрүмө бир жыл калган эле. Окуумду бүтүшүм керек деп чындыгында аябай тынчсыздандым. Анткени көп эле учурларда турмуш куруп кетип, окуусу калып калган кыздарды көп көрчүмүн. Жолдошум “эч нерсе өзгөрбөйт” деп сөзүн берип, 2010-жылы ноябрь айында 5-курста окуп жүргөндө баш коштук. Үйлөнгөндөн кийин Эрлан берген убадасын аткарып, шарттарды түзүп берди. Ошентип, окуумду ийгиликтүү аяктап алдым. Кичинебизден тааныш болсок да турмушка аттанып жатканда аябай толкунданып, көп ойлондум. Кээде коркунуч сезимдер да пайда болот экен. Бирок менин адамым деп сездим.
Перизат Көпөбаева АКШдагы иш-чаралардын биринде
— Жолдошуңуздун кайсы сапаттары сизге жагат?
— Жолдошумдун чечкиндүүлүгү жана жөнөкөйлүгү жагат.
— Экөөңүздөр тең чыгармачылыктагы адамдарсыздар. Эл арасында жүрөсүздөр дегендей… Кызганыч сезимдер болбой койбосо керек? Кызганычты кантип жөнгө саласыздар?
— Кызганыч сезимдер бардык адамдарда эле болсо керек. Бирок, чектен ашып кызгангандарга кирбейбиз. Майда чүйдө кызганычтар жаңы үйлөнгөн кезде болуп турчу. Азыр бири — бирибизди жакшы билип калдык десем болот. Бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 10 жыл болуп баратат. Бири — бирибизге ишенгенди үйрөнүп, көңүлүбүздү карап, түшүнүү менен мамиле жасаганга аракет кылабыз.
Көпөбаева АКШда өткөн иш-чараларда кыргыз комузун таанытып келет
— Америкада кыргыздын комузун таанытып жүрөсүз. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
— Чынын айтсам эч кандай жаңылык жок. Бөтөн жерде комуз менен профессия катары иштей албагандан кийин анда-санда өзүм үчүн ойнойм. Дайыма машыгып турбасак дагы формадан чыгып, колдор катый баштайт экен. Кээ бир иш-чараларга комуз чертип катышып калам.
— Негизинен Америкага барып жашап, иштөө бул сиздердин биргелешип кабыл алган чечимиңиздер болгонбу?
— Ооба, Америкага кетүүнү жолдошум экөөбүз бирге кеңешип, чечимди чогуу кабыл алганбыз.
Бактылуу жубайлар бир кыздын ата-энеси
— Адашпасам, бир кыздын ата-энесисиздер. Ата-эненин бала алдында жоопкерчилиги канчалык?
— Тумушка чыккандан баштап жоопкерчилик абдан жогору болот экен. Аял бактылуу болсо, бүт үй-бүлө бактылуу деп айтылат. Бул сөздүн бекеринен айтылбаганын жыл өткөн сайын тереңден түшүнүп, сезип жатам. Ата-эненин балага болгон жоопкерчилиги абдан чоң. Жаңы төрөлгөндөн баштап, чоңойгончо баардык нерсесин алдын ала ойлонуп, өз убактысында, жашына жараша тарбияны да, билимди да, үлгүнү да ата-эне бергенге аракет кылат экен. Кызыбыз чоңойгон сайын бизде да жоопкерчилик көбөйдү. Көбүрөөк үлгү болгонго аракет кылып калдык. Дагы да изденип аракет кылып жатабыз.
— Турмуш курууга камданып жүргөн кыз-жигиттерге кандай кеңеш айтасыз?
— Үй-бүлөлүк жашоону карызы жок баштагыла деп кеңеш берет элем. Азыр көп жаштар карыз алып, той берип, тилекке каршы тез эле ажырашып кетип жатат. Жаңы жашооңорду таза баштагыла. Бактылуулук бир эле күндүк той эмес.
Касиет Кубанычбек кызы