Бүгүнкү күндө экономикалык чөйрөдө продукция өндүрүүдөн дагы, өндүрүлгөн продукцияны тез жана ийгиликтүү сата билген адистерге суроо талап жаралды. Кыргызстандагы жумуш орундарын көрсөткөн сайттарда күн сайын жогорку маяна менен “сатуу менеджери” керек экенин көрүүгө болот. Сатуу менеджери болуу үчүн кандай сапат, билим, жөндөм керек?
1. Сатуу менеджери деген ким?
Сатуу боюнча менеджер компания сунуш кылган же өндүргөн товарларды же кызматтарды сатат. Алар кардарлар жана алардын ичинен потенциалдуу кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сатып алуучулардын санын көбөйтүп, бүтүмдөрдү жүргүзүп, максаттуу аудиториянын керектөөлөрүнө жараша товарлардын ассортиментин түзүүгө катышат. Көп учурда мындай адистер соода түйүндөрүнө келгендер менен эмес, дүң сатып алуучулар менен иштешет.
Заманбап экономиканын продукцияны өндүрүү же кандайдыр бир кызмат көрсөтүү тармактарынын ийгиликтери — төлөөгө жөндөмдүү кардарлардын санына жана сатып алууга даярдыгына жараша болот. Компетенттүү сатуу уюму болбосо, компаниянын ишин кирешелүү кыла турган конверсия деңгээлине жетүү мүмкүн эмес. Мына ошондуктан эмгек рыногунда сатуучу менеджерлерге бош кызмат орундары жетиштүү. Ар бир учурда иштин өзгөчөлүктөрү ар кандай болушу мүмкүн, бирок анын маңызы ар дайым бирдей: кардарларды тартуу жана компаниянын кирешесинин өсүшүнө өбөлгө түзгөн келишимди түзүү.
2. Бул кесиптин өзгөчөлүктөрү кандай?
Сатуу боюнча менеджердин ишинин негизги өзгөчөлүктөрү — түздөн-түз кардарлар менен иштешүү. Башкача айтканда бул кызматкер сатып алууга алып келген операциялардын тизмегиндеги акыркы шилтеме. Албетте максаттуу аудиторияга өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр, жарнак берүүчүлөр жана ушул чынжырдын башка катышуучулары да көңүл бурушу керек. Бирок, продукциянын же кызматтын өтумдүүлүгү сатуу менеджеринен көз каранды. Бул жумуш баарлашуу жөндөмүнө, кардардын муктаждыгын сезип, анын маанайын билүү жана ар кандай өзгөрүүлөргө тез жооп берүү жөндөмү менен тыгыз байланышкан.
3. Сатуу менеджеринин милдеттери кандай?
• Товар өндүрүү же кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүүгө багытталган иш-чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу;
• Соода ишканалары, бренд дилерлери менен мамиле түзүү;
• акыркы керектөөчүлөргө багытталган өндүрүмдөрдү ийгиликтүү сатуу үчүн каналдарды пландаштыруу жана түзүү;
Келишимдерди түзүү (сатуу, жеткирүү, продукцияны бөлүштүрүү ж.б.);
• Кардарлардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү, кардарлардын санын көбөйтүү;
Максаттуу аудиториянын керектөөлөрүнө жараша ассортиментти түзүү жана кеңейтүү боюнча иш алып баруу;
• Персоналды башкаруу.
4. Бул кесип кимдерге туура келбейт?
Сатуу менеджер кызматы — монотондук ишти жактырган адамдарга ылайыктуу эмес. Бул кызматтагы адис тынымсыз жаңы нерсени издеп, көп сандаган адамдар менен байланышта болот. Көбүнчө, соода менеджеринин маянасы анын аракетинин аркасында компанияга келген кирешенин көлөмүнө жараша өзгөрүп турат.
5. Сатуу менеджери кесибинин артыкчылыктары жана терс жактары кандай?
Артыкчылыктары:
1. Эмгек рыногундагы бош орундардын көп саны
2. Ар кандай жумуш милдеттери активдүү жана энергиялуу адамдар үчүн алдыга жылуу мүмкүнчүлүгү
3. Карьералык мүмкүнчүлүктөр, татыктуу киреше менен камсыз кылуу
4. Кесиптик көндүмдөрдүн универсалдуулугу жана башка көптөгөн тармактарда колдонулушу.
Терс жактары:
1. Психологиялык стресстин жогорку деңгээли
2. Эмгек рыногундагы атаандаштыктын көп экени.
3. Көпчүлүк компанияларда айлык акы пайыздык чен менен камсыздалат.
6. Сатуу менеджеринен кандай жеке сапаттар талап кылынат?
Сатуу менеджери алдыңкы коммуникациялык, мыкты уюштуруучулук жөндөмгө, билимге жана эрудицияга, аналитикалык ой жүгүртүүгө, тез үйрөнүүгө, компетенттүү сүйлөөгө, өзүнө болгон ишенимге, уюштуруучулукка, жоопкерчиликке ээ болушу керек.
Ошондой эле, өзүңүз жөнүндө жакшы таасир калтырууга, компаниянын жогорку имиджин натыйжалуу сактоого анын ичинде конфликт болгон учурда сабырдуулук жана дипломатиялык жөндөм дагы маанилүү.
7. Сатуу менеджери болуу үчүн кайсы жерде окуу керек?
Билимдин жеткиликтүүлүгү жумуш издөө, жумушка орношуу жана кийинки кесиптик милдеттерин аткарууну жеңилдетет. Университеттин тиешелүү адистигинин ичинен, “маркетинг коммуникациясы”, “маркетинг”, “менеджмент” бөлүмдөрү туура келет.
Мындан тышкары, чет тилдерин билүү зарылдыгы жаралды. Анткени, дүйнөдө товар жана кызмат алмашуу, экспорт, импорт процесстери тынымсыз жүрүп жаткан маалда ири компанияларга чет тилдерин билген адистер да талап болууда. Ошондой эле төмөнкү кесиптик билимдерди өздөштүрүү- адистин ийгиликтүү болуусуна жол ачат:
* Маркетинг;
* Психологиянын негиздери;
* Керектөөчүнүн жүрүм-туруму;
* Бухгалтердик эсеп;
* Бизнестеги инновация;
* Коммерциялык ишти укуктук жөнгө салуу;
* Жарнама ишмердүүлүгү;
* Бизнес экономикасы.
8. Сатуу менеджерлеринин айлык акысы кандай?
Көпчүлүк учурда мындай адистердин кирешеси эки компоненттен турат. Биринчиси — туруктуу эмгек акы. Экинчиси — сатуунун пайызы, бул кызматкердин натыйжалуулугунан көз каранды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул тармакка бош орундар күн сайын жаңыланып, айлык акы орточо 20 000 — 80 000 сомго чейинн көрсөтүлүп келет.