2015 – жылдын 22 – июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 390 номериндеги үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча атайын токтому чыккан. Токтомдун негизинде республика боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Учкун айыл өкмөтүндө кандай иштер жүргүзүлгөнү тууралуу аталган айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду
Токтомдун негизинде облустук, райондук токтомдор чыгып, анын ичинен айыл өкмөттүн 2021 – жылы 30 – майда №44 буйругу чыккан. Ушул буйруктун негизинде айыл аймакта зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет түзүлгөн. Жергиликтүү комитетте 25 мүчө бар. Алар 1 жылдык пландарын кабыл алып, жыл бою иш алып барышат.
Иш планга ылайык айыл аймакта жашап турган калкты аймактарга бөлүп, калктын аялуу катмарын алып чыгуу каралган. Аялуу катмарга: аа-энелердин бирөөсү ичимдик ичкен, мигранттардын балдары жашаган үй-бүлөлөр, ошондой эле аз камсыз, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр жана багуучусунан ажыраган жарым жетим же тоголок жетим балдар каттоого алынган.
Андан сырткары айыл өкмөтүндө жергиликтүү комитет иштеп жатканын эл билүү үчүн кварталына маалыматтар берилип, зомбулукка кабылса кайсы жактарга кайрыла алышат жана кандай кризистик борборлор бар экенин маалымдап турушат.
«Биздин комитет иштеп жатканы баарына маалым болуш үчүн комитеттин телефондору жазылган баракчаларды, жана ватсап группаларга таркатып келебиз.Үй – бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин ишмердүүлүгүнө эл ишенип кайрылгандар да бар», деп билдирди Анара Балтабаева.
Бир жарым жыл ичинде кайрылгандар болгон. Өзгөчө жолдошу ичимдик ичкен, тынчтык бербеген үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маселелерди ордунан чечкенге аракеттер көрүлгөн. Бир адам сот жообуна тартылган.
Ар бир адамдын коопсуздугу жана жеке жашоосуна тоскоолдук болбошу үчүн кайрылган адамдардын аты жөнү эч качан ачыкка айтылбайт. Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү социалдык башкармалыкка билдирүү менен үйүнөн тейлөөгө алдырууга жетишишкен.
Тизмеде турган үй-бүлөлөргө жардам берүүнүн аракетттер көрүлүп турат. Жардамдар мамлекет тарабынан же жеке спонсорлор тарабынан келген учурда эң көйгөйлүү деген үй-бүлөлөрдү алып чыгып, жардамдарды бере алдык, дейт Анара Балтабаева
Жергиликтүү комитеттин иш планынын алкагында позитивдүү ата – эне же позитивдүү бала тарбиялоо деген темаларда атайын тренингдер да өтүлүп келет. Долбоорлор жакшы жыйынтыгын берип, зордук зомбулукту алдын алуу жана бөгөт коюуга кошумчасы өтө чоң.
Айзат Түмөнбаева