Бакай-Ата айылында карылар жана майыптар үчүн атайын баш калка жайы иштеп келет. Бул социалдык стационардык мекеме 80 кишиге ылайыкташкан. Учурда анда ондон ашуун карыя күн өткөрүүдө.
Дөндөк Балтабаев 86 жашта. Балдары жана неберелери бар экендигин айтат. Карылар үйүнө келип калган себебин мындайча баяндайт.
“Менин балдарым, кыздарым деле бар. Он беш-жыйырмадай неберелерим бар. Бул жерге келип калганымдын себеби, кемпирим кайтыш болуп калды. Келиндердин, балдардын колунда тура албадым. Бул жерге келе бердим. […] Башка эмне кылмакпыз анан?”, — дейт Дөндөк ата.
Дөндөк ата сыяктуу дагы 15 улгайган киши бул жерде жашайт. Ар ким ар кандай тагдырлар менен келип түшкөн.
Таалайбек Базарбаев карылар үйүнө 10 ай мурун келген. Анын өнөрүн баалап мекемеде атайын бөлмө бөлүп беришкен. Ал бычактарды куурчутуп жана башка ашкана буюмдарын оңдоп берет.
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы бул мекеме 1971-жылдан бери иштеп келүүдө. Башында балдардын психоневрологиялык интернат үйү болуп ачылган.
2003-жылы бул жердин профили өзгөрүп карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеге айланган. Ошондон тарта анда бир гана карылар эмес, биринчи жана экинчи категориядагы майыптар дагы баш калкалайт.
Бул карылар үйү 80 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө 76 карыя жана майып кишилер жашап келүүдө.
“[…] Алардын ичинен 16сы карылар, 60ы биринчи жана экинчи категориядагы майыптар. Бул карылар үйү мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат”, — деп билдирди мекеменин директору Бурул Туманова.
Карылар үйүндө жашоочулар спорт менен алектенип, ден-соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Учурда карылардын эң улгайганы 80 жашта. Ал эми майыптардын жаш өзгөчөлүгү 17ден 55 жашка чейинкилерди түзөт.
Карылар үйүндө күнүнө үч жолу тамак берилет жана ар бир карыяга тамактануу үчүн 100 сом бөлүнөт.
Карылар үйүндө эмгектенгендердин саны 54.
Сүрөттөрдүн автору: Бакай Сапаралиев, “Бакай-Ата” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы.
Текст: Элдор Далиев