Бүгүн 2015-жыл 16-март, Токтогул шаарында Т.Сарпашевдин жана Н.Момуналиевдин катышуусундагы чогулуш өттү.
Чогулуш «Жалал -Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2015-2020-жылдарга өнүктүрүү програмасы боюнча» өттү.
Бул прогамма жалпы Токтогул районун камтып өзүнүн алкагында: энергетика, жер, суу, жол, чакан жана орто бизнести колдо, айыл чарбасын өнүктүрүү ж.б. көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багыталган эң сонун программа десек болот.
Программага Кетмен-Дөбө айыл аймагына багытталган төмөндөгү иш чаралар кирген.
— Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык айылдарына трансформаторлорду орнотуу.
— Терек-Суу айылына Ак-Булак суусунан буруучу каналды куруу.
— Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин башталгыч класстарынын жаңы корпусун куруу.
— Чоң-Арык айылына бала бакча куруу.
— Терек-Суу айылында жайгашкан ооруканага тез жардам машинасын сатып алуу жана суу өткөрүүчү жана канализациялык системаны орнотуу.
— Терек-Суу айылынын таза суу түтүгүн реконструкциялоо.
— Чоң-Арык айылына клуб куруу.
— Кырк-Казык айылына кар көчкүнү өткөрүү үчүн 30км галерияны орнотуу.
— Токтогул— Беш-Таш (Кара-Күңгөйдөн, Токтогулга чейин) жолуна асфальт-бетон катмарын төшөп капиталдык оңдоо.
Бул программа КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген. 2020-жылга чейин планда бекитилгендей ишке ашат.
Программа боюнча толук маалыматы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн адистеринен алсаңыздар болот.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов