Кыргызстандын жарандарынын кѳпчүлүк бѳлүгүн аялдар түзѳт. Ѳлкѳнүн ѳңүгүп-ѳсүүсүнѳ аялдар да чоң салымын кошуп келишет. Элет жериндеги айымдардын ѳнүгүүсүнѳ эмне керек? Айылдагы айымдардын ден соолугу, билими, карьерасы үчүн кандай борборлор зарыл?
Аялдардын ѳнүгүүсү үчүн стереотиптик кѳз караштар, үй- бүлѳлүк шарттар жана ѳз укугун толук билбегендик тоскоол жаратып келет. Элет жеринде айымдардын кѳпчүлүк бѳлүгү үй жумуштарын жасоо, баланы тѳрѳп тарбиялоо менен чектелип келет. Элеттик айымдардын ѳнүгүүсү үчүн кандай шарттарды жасоо керек деген суроо менен Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Жазгүл Мукашовага кайрылып кѳрдүк.
«Менин оюмча элет жериндеги айымдардын ѳнүгүүсү үчүн биринчиден жергиликтүү бийлик жардам берүүсү зарыл. Алар айымдар үчүн ар түрдүү шарттарды түзүп берүүсү керек деп эсептейм.
Мисалы, айымдар үчүн сулуулук салондору, ден-соолуктарын чыңдоо үчүн эч бир фитнес клубдар, эс алуучу жайлар, окуу борборлор жок. Кайсы бир айым иш баштоодон мурун ѳзү баардык жактан тѳп келиши керек. Ал эми айылда булардын бардыгы жокко эсе болгондуктан айымдарыбыз үй жумуштары, бала тѳрѳп тарбиялоо менен гана чектелип калууда».
Барскоон айылындагы жеке ишкер Руслан Эшмамбетов айылдагы айымдарга ишкерлик сырларын үйрөтүү маанилүү деген оюн ортого салды. Ар бир айымдын коомчулукта эбегейсиз орду бар деген ишкер бизнестин сырларын, анын жолдорун окутуп үйрѳтүү жана заманбап борборлорду уюуштуруу керек дейт.
«Ар бир айым ѳзүнүн ордун билүү керек. Лидерлерди аныктап, жаамат түзүп кесипке жараша айымдар чогуу биригип, демилге менен иш- аракеттерди кылуусу зарыл. Бул ишти баштоо үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары проектилерди, гранттар болобу, инвесторлорду болобу таап берүү жана бирге изденүү жолго түшмѳйүнчѳ бул иш эч качан жыйынтык бере албайт. Заманбап борборлорду уюуштуруу сѳзсүз керек. Ал борборлор компьютерден баштап финансылык тактык, киреше-чыгаша ушул сыяктуу бардык ишкерликке зарыл болгон нерселерди камтуусу керек».
Элет жериндеги айымдардын ѳнүгүүсүнѳ эмне керек? Дал ушул суроо менен айыл тургундарына да кайрылып, сурамжылоо жүргүздүк.
«Кыз келиндерди адеп ахлапка, улутубуздун баалуулуктарын үйрѳткѳн мастер класстар болсо дейм, мен IT программасынын окуусун ачсам деп ойлойм.
Элет жериндеги айымдарды ѳнүктүрүү үчүн менин оюмча швейный цехтерди ачыш керек, жумуш орундарын таап бериш керек.
Биздин айымдарга эң керектүү фитнес клуб, эс алуучу жайлар кѳбүрѳѳк болсо жакшы болмок да салондор ачылса. Элет жериндеги айымдардын ѳнүсүүсүнѳ үй-бүлѳлүк колдоо керек деп ойлойм».
Биз жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, айыл жергесинде айымдарды эң ириде жумуш менен камсыз кылуу жана ден-соолугун чыңдоочу, окутуу борборлорунун ачылуусу абдан маанилүү экендиги белгилүү болду.
Элеттик айымдардын ѳнүгүүсү үчүн окутуулар керек
Гүлкайыр Осмоналиева