Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси Гүлжан Мусабекова «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алды.
Гүлжан Мусабекова аталган мектепте 1988-жылдан тартып иштеп келет. Эмгек жолунда Гүлжан эже көптөгөн ийгиликтерди жаратып, чыгармачылык, изденүүчүлүк менен жаш муундарга татыктуу билим, тарбия берип келет.
Ал аталган мектепте «Манас таануу» ийримин жетектейт. Бул багытта жаш өспүрүмдөргө кыргыздын улуу, залкар «Манас» эпосу боюнча билим берип, республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашында алдыңкы орундарды камсыз кылууда.
Акылай Алмазбекова