Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин химия мугалими Нурила Турганбаева аталган мектепте 49 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Анын даярдаган окуучулары жыл сайын Республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеп келишет. Мугалимдин эмгек жолу жана жараткан ийгиликтери жөнүндө чакан маек курдук.

Нурила Турганбаева-сабак учурунда
-Саламатсызбы, өзүнүз жөнүндө айта кетсеңиз?
-Мен өзүм ушул эле Кара-Суу айылында 1950-жылы туулгам, 10-классты аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Химия факультетине тапшырып, аны 1972-жылы аяктадым.
-Алгачкы эмгек жолунузду качан баштадыныз?
-Окутуучулук эмгек жолумду 1972-жылы Кара-Суу айылындагы Кара-Суу орто мектебинен баштагам, ошондон бери ушул мектепте эмгектенип келе жатам.
-Сиз даярдаган окуучулар республика боюнча дайыма байгелүү орундарды алып келет, мунун сыры эмнеде?
-Эң башкысы талыкпай эмгектенүү керек окуучуларды 8- класстан баштап окууга болгон кызыгуусун өнүктүрүп тынымсыз иштөө зарыл. Кээ бир учурда тынымсыз, эс албастан каникул учурунда да иштөөгө туура келет.

Республикалык олимпиададан биринчи оорунду алган окуучулар
-Кандай сыйлыктарга ээ болгонсуз?
-Эл агартуунун отличниги сыйлыгын, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасын алгам жана көптөгөн грамоталардын ээсимин. Эң жогорку сыйлыгым Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалим деген наам алгам.

Нурила Турганбаева жаш мугалимдерге кеп-кеңешин айтып келет
-Олимпиадага даярдоо боюнча жаш мугалимдерге кандай кеп кеңеш айта аласыз?
-Сабакты изденип жакшы өтүү зарыл ,окуучуларга талыкпай билим берүү менен бирге өз кесибин сүйүү керек деп эсептейм.
-Азыркы техниканын заманында окууучулардын илимге болгон кызыгуусун кантип пайда кылса болот?
-Негизи башынан баштоо керек окуучулар жөндөн-жөн кызыга бербейт. Мисалы химия деген оор сабак, ага оңой менен кызыкпайт, бирок айтып үйрөтүп кайра- кайра сурап түшүндүрүп кызыктырса болот. Бирок эми баары кызыкпайт, ошентсе дагы арасынан кызыккан окууучулар чыгат.
Маегиңизге чон рахмат!
Илимбек Рысбеков, Аделя Тилек кызы