Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.
Эмгек ардагери Көчкөнбек Раманов 1955-жылы туулган. Ал дене тарбия сабагынан мугалим болуу үчүн Жалал-Абаддан жогорку билим алган.
«Жалал-Абадда кыргыз улуттук педагокика университетин 1978-жылы дене тарбия сабагынан мугалимдикте окугам», — деди Раманов.
Мектеп окуучулары менен райондук деңгээлдеги мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга жетишип келет.
«Балдарды районго алып барып көптөгөн байгелерди алып келдик. Ошондой эле биздин айылда күрөшчү балдар да бар. Аларды күрөшкө үйрөтүп, той-топурларда күрөштүрүп биринчиликти алып келебиз», — деди ал.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн