Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сулайман Эминов ат жабдыктарын жасайт. Бул иш менен алектене баштаганына үч жылдай убакыт болду.
Сулайман Эминов атка керектелүүчү така, ээр, араба, үзөңгү жана араба жасайт. Арабаны 4-5 миң сомдон жасаса, така, үзөңгүлөрдү 1000 сомдон сатат.

Эминов ат жабдыктарын кардарлары кандай кааласа ошондой формада жасап берет. Кээ бирин базарга алып барып сатат. Бул өнөрдү ал өз алдынча өздөштүргөнүн айтат.


«Жасаганга кетчү буюмдардын көбү үйдөн чыгат. Кээ бир темирлерди гана сатып алам. Бул иш мага жагат», — деди уста.
Айыл тургундары Сулайман устанын жасаган буюмдары жагаарын, баасы да өтө кымбат эмес экенин айтышат.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн