«Өлбөй калуунун жолу барбы? Бар, ал эмгек, эмгек гана адамды түбөлүк жашатат»- деген Исхак Раззаков атабыздын нускалуу жолун жолдогон, Исхак Раззаковдун чыгаан урпактарынын бири, шаардык Кеңештин депутаты, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевичтин бүгүнкү «Таза шаар үчүн» акциясындагы жигердүү эмгегин өзүнчө макала кылып чырагуу үчүн маек алдык:

«Бүгүнкү акцияда менин ишканамдын администрация кызматкерлери жана айдоочулар болуп 37 киши ишембиликке чыктык. Мага депутат катары шайлоочуларым көптөн бери кайрылып жүргөн маселе Кенжебаев көчөсүнүн шаардык ооруукананын административдик блогуна келген 530 метр жол жана сел жууп кеткен көпүрө эле. Эмгек жамаатым менен келишип, ошол көпүрөнү калыбына келтирип, жолго шагал-кум салып тегиздеп берели деп чечтик. Азыр 3 Хово, 1 авто кран, 1 гигант-самопогрузчик, 1 гигант самосвал болуп баш аягы сегиз техника иштеп жатат. Андан сырткары автогараждын бардык эмгек жамааты суу кетүүчү арык казып жатат. Бул иштерге жалпысынан 35 миң сом каражат сарпталат ошондой эле бүгүнкү иштеп жаткандардын баарына өз каражатым менен түшкү тамак уюштурдум. Бул иштерди чын дилден Эл үчүн деп жасап жатабыз, Элибиз бар экен биз барбыз»- дейт Исманали Джумабаевич.
Белгилей кетсек Карабаев Исманали Джумабаевич Сүлүктү шаардык Кеңешинин курамындагы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, бир канча орден медалдардын ээси.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров.