
«Сүлүктү шаарынын мэри А. А. Ибрагимовдун жетекчилиги менен бүгүн 16.04.2016-жылы уюштурулуп өткөрүлгөн «Мен таза шаар үчүн» акциясы өз максатына толугу менен жетти. Бул акция «Сүлүктү тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Б. Эргашевдин демилгеси менен башталды. Мен өзүм кыдырып карап чыктым, алдын ала пландалган баардык иш чаралар толук аткарылды, Элден ыраазы болдум жергиликтүү коомчулук мекеме ишканалар өзгөчө майрамдык маанай менен иштеп беришти»- дейт Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Арзибекович Исмаилов.

Мэрдин ишине канааттануу менен туура баа берген шаардык Кеңештин төрагалары аз эле болсо керек. (автор)
Сүлүктү шаардык борбордук аянтында эртең менен саат 9-00 дө митинг болуп анан бардык жетекчилер бөлүнгөн аймактарга чыгып кетти. Б. Эргашев акцияны өтө чыгармачылык менен уюштурганына ыраазы болдум. Муниципалдык менчиктеги бардык техникаларды элдин кызматына чыгардык»- дейт вице-мэр Б. Э. Ташев.

Кошбулак аймактык башкармалыгында мекеме ишканалар, коомдук өзүн өзү башкаруу аймактары менен эртең менен саат 9-30 митинг өткөрүп анан алдын ала бөлүнгөн участкаларга чыгардым. Мен мечиттерге барып диний лидерлер менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коомчулукту мобилизацияладык. Чындыгында мындай колдоо болот деп күткөн эмеспиз. Эл өтө көп чыкты. Болгондо да ар улуттун өкүлдөрү бирге иштешти. Белгилей кетүүчү жагдай 72 жаштагы Ажы энебиз Осмонова Айчач эже, эмгек сиңирген мугалим Халипа эжекейлер небере келиндери менен чыгып алдыңкы катарда иштешти:

Кошбулак боюнча көмөкчү мектеп интернаты, №7- мектеп, Пед колледж, №73- кесипчилик лицейи жана «Кызыл-Булак» «Нур» шахталарынын эмгек жамааты өзгөчө жакшы иштешти. Алдыңкы айылдардан Т. Рустамов айылы төрагасы А. Эрискулов, төрайымы А. Юсуповалар үлгү болушту:

Акцияга мечиттерден Д.Жороев айылынын мечити имамы Молдо Жараш ажы Мамытов өтө активдүү катышты:

Жардамга шаардык санэпид көзөмөл борборунун, шаардык Салык кызматынын кызматкерлери чыгышты»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.

Активдүү катышкан жарандар жөнүндө кийинки макалаларыбызда кеңири сөз кылмакчыбыз.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров